Фестиваль
Көрүнүш
Фестивалдар (лат. festivus -көңүлдүү, майрамдык) — бир тематика менен бириккен майрамдык, салтанаттуу мүнөздө өтүүчү концерттер, театр оюндары цикли.
Адатта фестивалдар филармониялар, музыкалык коомдор, фирмалар же жеке кишилер тарабынан маданияттын, эс алуунун ири борборлорунда өткөрүлөт. Алгач фестивалдар 18-кылымда Англияда пайда болгон. 18-19-кылымдарда бүткүл Европага тараган. 20-кылымда эл аралык фестивалдар өткөрүлө баштаган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.