Мазмунга өтүү

Фиельструп Фёдор

Википедия — ачык энциклопедия

Фиельструп Фёдор (Теодор) Артурович (19. 1. 1889, Петербург - 7. 12. 1933, Ленинград) - советтик орус саякатчысы, этнограф, чыгыш таануучу.

  • 1916-ж. Петербург университетин бүтүргөн. Антропология жана этнография боюнча Л. Я. Штернбергдин лекциясын уккан.
  • 1914-15-ж. Түштүк Америкага экспедицияга катышып, Г. Г. Манизер жана И. Д. Стрельников менен бирге Бразилиядагы индей урууларынын (кадиувео, терена, шаванте жана кайнгангов) этностук тарыхын изилдеген.
  • 1916-жылдан Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) мамлекеттик антропология жана этнография музейинде кызматкер болуп иштеген.
  • 1918-ж. С. И. Руденко менен бирдикте Приураль жана Томск облусунда жашаган калктын этнографиялык картасын түзгөн.
  • 1920-ж. Томск университетинде география боюнча лекция окуп, Минусин-Абакан экспедициясын уюштурган.

1924-25-ж. Кыргызстанга экспедиция жасап, Фергана жана Тянь-Шань өрөөндөрүнө изилдөө жүрүштөрүн уюштурган. Экспедиция учурунда үч багыт боюнча иш алып барган:

  • 1. Калкты этнографиялык жактан иликтөө;
  • 2. Музейге табылгаларды жыйноо;
  • 3. Археол. эстеликтерди чалгындоо.

Изилдөөчү кыргыздардын материалдык абалы (турак жай, кийимкече, тамак-аш ж. б.), транспорту, чарбалык уклады, үйлөнүү үлпөтү, коомдук түзүлүшү, улуттук оюн-зооктору, элдик календары ж. б. боюнча бай маалыматтарды чогулткан.

Генеалогиялык маалыматтар боюнча схема таблицаларды түзгөн; өлүм-житим, аш өткөрүүгө байланыштуу жөрөлгөлөр тууралуу кызыктуу илимий маалыматтарды жазып калтырган. Ал өзү жыйнаган маалыматтар боюнча айрым гана илимий макалаларды жарыялоого үлгүргөн. 20-кылымдын 30-ж. советтик интеллигенцияга карата жасалган куугунтуктоого кабылып, сурак мезгилинде трагедиялуу каза болгон. Анын эмгектерин 21-кылымдын баш чендеринде гана РФ ИАнын Миклухо-Маклай атындагы институтунун окумуштуулары жарыкка чыгарышты.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4