Физика
Илим | |
Физика | |
![]() | |
Темасы |
Табият таануу |
---|---|
Изилдөө багыты | |
Түптөлгөн мезгили | |
Негизги багыттары |
механика, термодинамика, оптика, электродинамика ж.б. |
Олуттуу окумуштуулары |
Эйнштейн Альберт ж.б. |
![]() |
Физика (б.-грек. φυσική — «жаратылыш», φύσις — «табият») — табиятты, анын ичинде материянын түзүлүшүн, кыймылын, өз ара аракеттенүүсүн жана энергиянын формаларын жана алардын өзгөрүшүн изилдеген негизги табигый илим[1][2]. Физика — илимдердин арасында эң фундаменталдуу деп эсептелинет, анткени ал башка көптөгөн илим тармактарынын — химиянын, астрономиянын, биологиянын жана инженериянын — негизгин түзөт[3]. Физика — так илим[4].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Физика илими байыркы доорлордон тарта өнүгүп келген. Байыркы Грецияда Аристотель сыяктуу ойчулдар кыймыл жана материя жөнүндө теорияларды иштеп чыгышкан. Кийин Ибн Сина, Ибн аль-Хайсам сыяктуу ислам ойчулдары оптика жана механика боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. XVI–XVII кылымдарда Галилео Галилей жана Исаак Ньютон классикалык механиканын негизин түптөп, илимий революциянын баштоочулары болушкан[1].
XX кылымда физикада чоң өзгөрүүлөр болуп, Альберт Эйнштейндин ыктымалдуулук теориясы жана кванттык механика сыяктуу жаңы теориялар пайда болгон. Бул теориялар микродүйнө жана жогорку ылдамдыкта кыймылдаган телолор жөнүндө түшүнүктөрдү түп-тамырынан өзгөрттү[1].
Физиканын негизги бөлүмдөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Макроскопиялык физика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Макроскопиялык физика дүйнөдөгү кубулуштарын жана мыйзамдарын изилдейт:
- Механика
- Классикалык механика
- Релятивисттик механика
- Үзгүлтүксүз чөйрөнүн механикасы
- Гидродинамика
- Акустика
- Катуу заттардын механикасы
- Термодинамика
- Оптика
- Толкун оптикасы
- Кристаллдык оптика
- Молекулалык оптика
- Сызыксыз оптика
- Электродинамика
- Термелүүлөрдүн жана толкундардын физикасы
- Салыштырмалуулуктун жалпы теориясы
Микроскопиялык физика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Микроскопиялык физика дүйнөдөгү көлөмү кичинекей заттардын кубулуштарын жана мыйзамдарын изилдейт:
- Атом физикасы
- Статистикалык физика
- Статистикалык механика
- Статистикалык талаа теориясы
- Физикалык кинетика
- Кванттык статистика
- Конденсацияланган чөйрөнүн физикасы
- Катуу заттардын физикасы
- Суюктуктар физикасы
- Атомдордун жана молекулалардын физикасы
- Наноструктуралардын физикасы
- Кванттык физика
- Кванттык механика
- Кванттык талаа теориясы
- Кванттык электродинамика
- Кванттык хромодинамика
- Ядролук физика
- Гиперядролук физика
- Элементардык бөлүкчөлөр физикасы
- Жогорку энергия физикасы
Башка илимдер менен байланышкан физиканын тармактары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Агрофизика
- Акустикалык оптика
- Астрофизика
- Биофизика
- Эсептөө физикасы
- Гидрофизика
- Геофизика
- Петрофизика
- Сейсмология
- Тектонофизика
- Геофизикалык гидродинамика
- Космология
- Математикалык физика
- Материал таануу
- Кристаллография
- Медициналык физика
- Метрология
- Радиофизика
- Кванттык радиофизика
- Статистикалык радиофизика
- Техникалык физика
- Термелүү теориясы
- Динамикалык система
- Атмосфера физикасы
- Плазма физикасы
- Физикалык химия
- Химиялык физика