Мазмунга өтүү

Физикалык-географиялык классификация

Википедия — ачык энциклопедия

Физикалык-географиялык классификация географиялык систематиканын (иреттөөнүн) бир түрү.

Геогр. райондоштуруудан айырмаланып классификация географиялык объектилердин жекече өзгөчөлүктөрүнө эмес, объектилердин ортосундагы окшоштуктарга негизделет жана ар түрдүү деңгээлдеги (даражадагы) окшоштуктар боюнча топторго (группаларга) бириктирилет. Физикалык-географиялык классификация географиялык райондоштуруудай эле комплекстүү жана тармактык болот (ландшафттык, геоморфологиялык, климаттык, топурактык ж. б.). Анын үстүнө Физикалык-географиялык классификация геосистемалардын ар бир деңгээли же рангы боюнча ар башкача (фацияга, урочищага, ландшафтка өз алдынча) түзүлөт, анткени алардын ар бирин өзү теңдүү менен (фацияны фация менен) салыштырышат. Физикалык-географиялык классификациянын ландшафттарга тийиштүү схемаларын А. Г. Исаченко (1965), Н. А. Гвоздецкий (1962), Прокаев (1975), T. Н. Кулматов (1975) сунуштап, бирок аягына чыгышкан эмес. Ландшафттардын көпчүлүк географтар колдонгон классификациясынын бирдиктери төмөнкүдөй схеманы түзөт: класс-подклассчатип-типче-түр-түрчө. Ландшафттардын класстары рельефтин негизги эки түрү боюнча - тоолуу жана түздүктүү ландшафттар болуп бириктирилсе, классчалары негизинен алардын бийиктик айырмачылыктарына (көтөрүңкү, ойдуң түздүктүү, бийик, орто бийик ж. б.) негизделген. Классификациядагы эң негизги бирдик - ландшафттардын тиби алардын жылуулук жана нымдуулугунун (гидротермикалык режиминин) бирдейлигине негизделип, негизинен зоналык жана бийиктик алкактуулук өзгөчөлүктөрүн (мис., талаа, тундра, токой ж. б.) чагылдырат. Ландшафттардын типчеси зоначалык өзгөчөлүктөрүн (түндүк тайга, түштүк тайга сыяктуу) чагылдырат. Ландшафттардын түрү болсо негизги компоненттери бирдей б. а. структурасы окшош ландшафттарды бириктирет. Ландшафттардын классификациясынан тышкары урочище, фация сыяктуу локалдык геосистемалардын да ар биринин өз алдынча классификациялары бар, бирок алар азырынча жетишерлик иштетилип бүтө элек. Мисалы, фациялардын клаееификациясынын негизин Б. Б. Полыновдун сунушу боюнча рельефтин формаларындагы ээлеген орду боюнча - элювиалдык (көтөрүңкү жерлердеги фациялар), супераквалдык (жер алдындагы суулары жакын ойдуң жердеги фациялар), субаквалдык (суу түбүндөгү фациялар) болуп айырмаланышат. Урочищалардын классификациясы да А. Г. Исаченконун сунушу боюнча көтөрүңкү жана ойдуң формадагылар болуп эки чоң категорияга бириктирилип, андан аркы бөлүнүштөрү рельефтин конкреттүү формасы (кокту-колот, дөбө ж. б.) жана алардын ар башка зоналарда, аймактарда орун алыштары, тоо тектеринин, нымдалыштарынын өзгөчөлүктөрүнө негизделет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4