Физикалык чоңдуктардын бирдиктери

Википедия дан

Физикалык чоңдуктардын бирдиктери – аныктама боюнча сан мааниси бирге барабар болгон физикалык чоңдук.

Бирдиктин аталышы физикалык чоңдуктун жанына кошо жазылат, мис., түтүктүн узундугу 3 м; 3 – узундуктун сан мааниси, метр (м) – физикалык чоңдуктун бирдиги. Физикалык чоңдуктун бирдиги системадан тышкары (мис., электронвольт, ат күчү) жана кандайдыр системага кирүүчү системалык бирдик болуп бөлүнөт. Системалык бирдик негизги жана туунду бирдиктер болуп дагы экиге бөлүнөт. Негизги бирдиктер Эл аралык макулдашуу боюнча кабыл алынат. Негизги бирдиктер жетөө. Туунду бирдиктер физикалык чоңдуктарды байланыштырган теңдемелер боюнча эсептелип алынат. Туунду бирдиктер: Ньютон (Н), Джоуль (Дж), Ватт (Вт). Эсептөөдө эселүү, үлүштүк бирдиктер да колдонулат. Мис., кВт, кДж.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]