Фикрет Түркмөн
Фикрет Түркмөн (4. 7. 1946-ж. т„ Түркия, Йозгат обл., Богазлыдан району, Абдиллу айылы) - фольклорист, филология илимдин доктору (1974), КР УИАнын (1997), Казакстан ИАнын ардактуу академиги (1999), Чүй университетинин ардактуу проф. (1998).
1965-ж. Эрзурум шаарындагы Ататүрк университетин бүтүргөн. 1965-68-ж. Кония шаарындагы эркек балдар лицейинде мугалим, 1968-ж. Ататүрк университетинде илимий кызматкер, 1969-72-ж. Стамбул университетинде докторант, 197476-ж. Сорбанн университетинде (Франция) фольклористика боюнча билим алган. 1978-ж Ататүрк университетинде окутуучу, 1983-жылдан Измир шаарындагы Эге университетинде окутуучу. Фикрет Түркмөн К. Жусуповдун кара сөз түрүндө жазылган «Манас» дастанын түрк тилине которгон. «Манас» эпосу Анадолу уламыштары» сыяктуу 21 китептин, 150дөн ашык илимий макаланын автору. Түркмөнстандын эл аралык Мактымкули сыйлыгынын лауреаты (1996). Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4