Филипов Николай Андрианович
Көрүнүш
Филипов Николай Андрианович (1927-ж. т., РФ, Оренбург обл., Александров району, Каликино айылы) - техника илимдин доктору (1990), проф. (1995).
Ленинград авиац. прибор куруу интун (1952), СССР ИАнын Электроника институтунун аспирантурасын (Ленинград, 1956) бүтүргөн. Кыргыз геологиялык башкармалыгында барсканчы, Кыргыз ССР ИАнын Энергетика жана суу чарбасы институтунда кенже илимий кызматкер, Автоматика институтунда лабор. башчысы, ФПИде улук илимий кызматкер, доцент, 1993-жылдан КТУда проф. Телемеханика, байланыш тармагы боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, а. и. 3 монография, 26 ойлоп табуусу жарык көргөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4