Филиппин

Wikipedia дан
(Филиппиндер барагынан багытталды)
Филиппин.
Flag of the Philippines.svg

Филиппин (англ. Philippines, пилипинче Pilipinas), Филиппин Республикас ы (англ. Republic of Philippines, пилипинче Republika eg Pilipinas) - Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Батышынан Түштүк Кытай, чыгышынан Филиппин, түштүгүнөн Сулавеси дениздери менен чулганат. Тынч океандагы Филиппин а-нда жайгашкан. Аянты 300 миң км2. Калкы 102,1 млн (2012); негизинен тагал, себуано, илокано, бинис айя, хилигайнон, бикол, вараи ж.б. улуттун өкүлдөрү жашайт. Дини - католицизм. Расмий тилдери - англис жана пилипин (филипин; тагал тилинин стандарт варианты) тилдери. Борбору - Манила ш. Адм.-айм. жактан 17 адм. районго (80 провинциядан турат), 2 автономия облуска бөлүнөт. Шаар калкы 65%. Ири шаарлары; Манила, Кесон-Сити, Давао. Акча бирдиги - филиппин песосу.

Филиппин - БУУнун (1945; 1946-ж. чейин АКШ протектораты), ЮНЕСКОнун (1946), ЭВФтин (1945), Азия-Тынч океандык экономикалык кызматташуусунун (1989), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү. Мамлекеттик түзүлүшү. Филиппин - унитардык мамлекет. Ф-дин Конституциясы 1987-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент (6 жылдык мөөнөткө шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогоркуорганы - кош палаталуу парламент (Сенат жана Өкүлдөр палатасы) Ф-де көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Лакас (Кампи) Христиан жана мусулман демократтар, Элдик коалиция, Либералдык партия, Улутчул партия, Байан, Демокр. партия, Лабан, Пверса Масан, Бириккен оппозидия, Филиппин Компартиясы ж. б. T а б и я т ы. Филиппин архипелагы түндүктөн түштүккө 2000 км, батыштан чыгышка 900 км созулат. Негизинен 7100 аралдан турат. Ирилери: Лусон, Минданао, Самар, Негрос, Палаван, Панай, Миндоро жана Лейте. Аралдарынын жээктери булун-буйткалуу, чыгышы тик. Жээктеринде шурулуу (коралл) рифтер, ички деңиздеринде (Сибуян, Висаян ж. б.) көптөгөн кысыктар бар. Рельефинде бийиктиги 1500-2000 м болгон тоолор басымдуу. Эң бийик жери 2954 м (Апо тоосундагы чоку). Жез, темир, никель, кобальт, хромит, сымап, көмүр кендери бар. Климаты тропиктик муссондук, түштүгүндө субэкваторлукка өтмө. Жылдык орточо температурасы 2428°С (түндүгүндө). Жаан-чачыны 1000-4000 мм.

Ири дарыялары: Минданао, Агусан, Пампанга, Анго ж. б. Көлдөрү: Бай, Тааль, Ланао. Латерит кызыл жана боз топурагы басымдуу. Филиппиндин аймагынын жарымына жакынын тропик токою (46%) ээлейт. Анда пальма, каучук, баньян (тыт дарагы), апитонг, майяпис, лауан, бамбук, орхидея, татымалдар басымдуу. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте бадалдар жана шалбаа өсөт. Фаунасы өтө ар түрдүү. Канаттуулардын жана жердесууда жашоочу сойлоочулардын бир нече түрү кездешет. Сууларында балыктын түрү көп. Ошондой эле бермет алынуучу моллюскалардын ар кандай түрлөрү кездешет. Көптөгөн улуттук парктар, фауна резерваттары, ботан. бактар жана токой заказниктери уюштурулган.

Tарыхы. 5-кылымдан Ф-дин азыркы аймагында ар кандай маданият жана элдердин аралашуусунун негизинде цивилизация калыптанган. Кийин Тайвань аркылуу австронезия тилинде сүйлөгөн Түштүк Кытайдын көчмөндөрү, 14-кылымда арабдар келип отурукташкан. 14-16-кылымда Ф. аймагынын көпчүлүк бөлүгү явалык Мажапахит империясына караган. 16-кылымда Лусон, Панай, Себу а-нда жана Сулу архипелагында уруу башчылар башкарган жамааттар болгон. Түштүк Ф-дин калкы мусулмандашып, 15-кылымда борборлошкон мусулман султандыгы түзүлгөн. 16-кылымдан аралдын түндүгүнө (азыркы Манила аймагына) европалыктар келе башташкан. Ф-ди 1521-ж. испан деңиз саякатчысы Ф. Магеллан ачып, 1543-жылдан арал испан королу Филипп Пнин атынан аталган. 1565-71-ж. испаниялык колониячылар Ф-дин көп бөлүгүн караткан. Испан конкистадору Мигел Лопес де Лагаспи куралдуу аскерлери менен аралга келип, Сан-Мигелди (алгачкы испан кыштагы) негиздеген. 18-кылымда мусулмандар жана жергиликтүү кытай жамааттарынын сепаратисттик кыймылдары күч алып, Испанияга каршы күрөш күчөгөн. 1898-ж. Ф. революциясын жетектеген революционерлер испан эзүүсүн кулатып, 12-июнда көз карандысыз Ф. республикасын жарыялаган. 1899-ж. 24-майда генерал Эмилио Агинальдо Ф-дин биринчи президенттигине шайланып, Конгресс түзгөн. Бирок революционерлердин жеңишин АКШ өз кызыкчылыгына пайдаланган. Ф-диктерге «жардам» деген шылтоо менен Испания-Америка согушун чыгарып, Ф-ге аскер түшүргөн. Испания менен АКШнын ортосунда түзүлгөн Париж тынчтык келишими (1898-ж. 10-декабрь) боюнча Испания АКШга Ф., Пуэрто-Рико, Куба, Гуам а-н 20 млн долларга берген. Бирок АКШ кийинки эле жылы Ф. республикасына каршы Филиппин-америка согушун (1899-1902) чыгарган. Согушта америкалык аскерлери Ф-дин президенти Эмилио Агинальдону колго түшүргөн. 1902-ж. Ф. армиясы жеңилип, АКШнын сырьё булагына жана АДФтин базасына айланган. 1935-ж. Ф. АКШ чегинде автономия статусун алып, Мануэль Кесон президент болгон. Ал Ф-дин көз карандысыздыгы үчүн күрөшүн уланткан. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде Ф. аймагын япондуктар оккупациялап, Экинчи Ф. республикасы (1943-ж. 14-октябрь – 1945-ж. 17-август) түзүлгөн. Архипелагдагы бардык бийлик япондуктардын колуна өткөн. Террордук режим орноп, концентрациялык лагерлер уюшулган. 1946 - ж. 4-июлда Ф-дин көз карандысыздыгы жарыяланган. Президент Фердинанд Маркостун башкаруу мезгилинде (1965-86) Ф-де согуштук абал киргизилип, конституция кабыл алынып, диктатордук бийлик орногон. Анын диктатордук бийлигине каршы элдик толкундоолордон улам бийлик алмашылып, 1910-ж. Азияда биринчи президент-аял Корасон (Кори) Акино бийликке келген. Ал жаңы конституция кабыл алып, америкалык согуштук базаны чыгарууга аракетинде. Азыркы учурда маочулардын ( Компартиясы) жана троцкийчилердин (Ф. жана Миндана Революциялык жумушчу партиялары), ошондой эле мусулман сепаратисттеринин (Моро улуттук-боштондук фронту, Моро боштондук ислам фронту, Абу Сайяфа тобу) көтөрүлүштөрү өлкөнүн стабилдүү өнүгүшүнө кыйынчылыктардьг туудурууда. Ф. БУУнун мүчөсү.

Экономикасы. Филиппин - дүйнөдөгү жаңы индустриялуу өлкө. ИДПнин көлөмү 324,8 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 3,3 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 55,2, өнөр жайдыкы 30, айыл чарбаныкы 14,9. Жез, никель, алтын, нефть жана жаратылыш газы казылып алынат. 2009-ж. 56,6 млрд кВт-с электр энергиясы (негизинен ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Өнөр жайдын башкы тармактары: электроника, электр-техникалык (микрочиптер, ноутбук, компьютер жабдуулары, жарым өткөргүчтөр, интегралдуу микросхема, электр-тиричилик приборлору ж. б.), тамакаш (жемиш консервалары, суу май, кант), тигүү жана бут кийим.

Башкы айыл чарба азыгы - күрүч. Ошондой эле жүгөрү, кассава, батат, банан, бал камыш, абака, кокос жана май пальмасы өстүрүлөт. Чочко жана бодо мал (жүк ташуучу) асыралат. Үй куштары багылат. Балык кармалат. Өлкөнүн экономикасында сыртта иштеген мигранттардын акча которуусунан түшкөн киреше, эл аралык аутсорсинг бизнес-процесси (негизинен ири америкалык корпорациялар) жана чет өлкөлүк туризм чоң роль ойнойт. Автомобиль жолунун уз. (миң км менен) 201,9 (а. и. 21,7си асфальтталган), т. ж-нуку 0,9. Башкы деңиз порттору: Манила, Кагаян-де-Оро, Себу, Давао. Деңиз жүк ташуусу өнүккөн. Экспортко электроника жана электр-техникалык буюмдары, транспорт жабдуулары, тигилүү кийимдер, бут кийим, жемиштер жана жез концентраты чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Япония, АКШ, Сингапур, Түштүк Корея. Р. Карачалова, Ш. Керимова.

Маданияты. Ф. аймагынан байыркы маданият эстеликтери (оймо-чийме түшүрүлгөн Kapana буюмдар), зергерчилик буюмдар ж. б. табылган. Турак жай катары үстү пальма менен жабылып, капталдары урма дубал менен тосулган үйлөр салынган. Кийин арх-расы испан зодчийлигинин таасиринде (бир катар турак жайлар, чиркөө имараттары, Илоилодогу Миагоа чиркөөсү) курулган. Сүрөт искусствосу 19-20-кылымда калыптанып, X. Де Луна, Ф. Идальго сыяктуу сүрөтчүлөр (19-к.), П. Антонио, С. Консьо, А. Накпиль өңдүү архитекторлор (20-к.) Ф. көркөм маданиятынын калыптанышына зор салым кошкон.

Сүрөт искусствосунда К. Франсиско, В. Эдадес, Г. Окампо, В. Манансала ж. б-дын чыгармалары бар. Ф. профессионал музыкасы 19-кылымдан өнүккөн. 20-кылымдын башынан америка музыкасынын таасиринде жеңил музыка (жаз ж. б.) тараган. 1916-ж. Ф. университетинин алдында консерватория ачылган. Композиторлору: А. Молина, Ф. Буэнкамина, Ф. де Леон, X. Маседа ж. б. 70-жылдардан музыкалык театрлар, музыкалык коллеждер, симф., камералык жана улуттук оркестрлер, ыр-бий ансамблдери иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4