Мазмунга өтүү

Фильчаков Михаил Иванович

Википедия — ачык энциклопедия

Фильчаков Михаил Иванович (1. 7. 1910, азыркы РФ, Саратов обл., Пугачёв району, Любицк кыш. - 16. 9. 1987, Астрахань ш.) - Даңк орденинин толук кавалери.

1932-33-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1939-ж. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келип, 1942-ж. кайрадан Советтик Армиянын катарына чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) 57гвардиялык аткычтар дивизиясынын 170-гвардиялык аткычтар полкунун 120-мм миномёттор батареясында кызмат кылып, Түштүк-Батыш, З-Украин, 1-Белорус фронтторунда согушкан. 1944-ж. 19-майда Днестр дарыянын оң өйүзүндөгү салгылашууда душмандын 8 аскерин жок кылып, согуш плацдармын коргоодогу көрсөткөн эрдиги үчүн 3-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон. 1945-ж. 6-февралда азыркы Костшрш шаарына (Польша) жакын жерде душмандын эки танкын талкалап, бир офицерин туткунга алганы үчүн 2даражадагы, 1945-ж. 16-апрелде Зеелов дөңсөөсүндө (Германия) душмандын ондогон солдатын жана танкага каршы батареясы менен 3 пулемётун жок кылуудагы каармандыгы үчүн Фильчаков 1-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Согуштан кийин Астрахань шаарындагы моделдүү-жыгач жасоо бирикмесинде слесарь болуп иштеген. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4