Мазмунга өтүү

Фискалдык саясат

Википедия — ачык энциклопедия

Фискалдык саясат - Fiskal - казына дегенди билдирет, фискал саясаты ушундан чыккан - бул мамлекеттик кирешелер менен чыгашалардын саясаты.

Мамлекет өткөөл экономикада рынок жана аралаш системанын натыйжалуу иштешине жардам берүүчү укуктук базаны жана коомдук кырдаалды камсыз кылуу милдеттерин, конкуренцияны коргоо милдеттерин чечет.

Бул милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттин төмөнкүдөй функциялары зор мааниге ээ:

  • кирешени жана байлыкты кайра бөлүштүрүү,
  • улуттук продуктунун структурасын өзгөртүү максатында ресурстардын бөлүштүрүлүшүнө түзөтүү киргизүү,
  • экономиканы турукташтыруу, б.а., рыноктук коньюнктуранын термелишинен пайда болгон иш менен камсыз кылуунун жана инфляциянын деңгээлине көзөмөлдүк кылуу, о. э. экономикалык өсүштү стимулдаштыруу. «Бул функцияларды иш жүзүнө ашыруу үчүн мамлекет акчаларды кайдан алат?» - деген суроо келип чыгат.

Акчалар үч булактан түшөт:

  • а) Салыктар.
  • б) Процент алып келүүчү казыналык милдеттенмелер түрүндөгү карыздар.
  • с) Өзүлөрүнүн кармап туруучуларына процент алып келбеген кагаз акчалардын жана тыйындардын эмиссиясы.

Мамлекет милдеттенмелерине жараша кыйла даражада салыктарга, карыздарга таяна өзүнүн чыгашаларын жана алынуучу салыктарын көбөйтө же азайта алат жана алардын салыштырмалуу салмагын өзгөртө алат. Бул өзгөрүүлөр экономисттер атап жүрүшкөндөй «фискалдык саясаттын» бир бөлүгүн, б. а., салык салуу жана чыгашалар жагынан жалпы иш-чараларды, о. э. ушул чыгашаларды финансылоо методдорун түзөт. Мамлекеттик чыгашалардын саясаты өкмөт тараптан экономиканы жөнгө салуу жолдорунун бири болуп эсептелет. Эгерде экономикалык система тең салмактуулук абалында турса, анда мамлекеттик сатып алуулардын көлөмүнүн кыскарышы өндүрүүчүлөрдө товардык-материалдык запастардын пландаштырылбаган көбөйүшүнө алып келет. Ушуга байланыштуу фирмалар же өндүрүштүн көлөмүн кыскартышат, же бааларды төмөндөтүшүп, же тигинисин да, мунусун да жасашат. Бул улуттук өндүрүштүн көлөмүнүн азайышына алып келет. Башка жагынан, эгерде өкмөт товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, сатып алуулардын көлөмүн көбөйтсө, запастардын пландаштырылбаган азайышы келип чыгат. Мындай жагдайда фирмалар же өндүрүштүн көлөмүн кеңейтишет, же бааларды көтөрүшөт. Ошентип, номиналдык да, реалдуу да туюнтмада улухтук өндүрүштүн өсүшү камсыз кылынат. Демек, өкмөт жалпы суроо-талаптын өсүшүн стимулдаштыруу же кыскартуу менен улуттук продуктунун деңгээлин жөнгө сала алат.

Салыктар өкмөттүн колуна экономикага таасир тийгизүүчү экинчи аспап берет. Салык ставкаларынын деңгээлин жогорулатуу учуруида үй чарбасынын карамагында кала турган чоңдук азаят. Бул керектөөнүн кыскарышына, демек, жалпы суроо-талаптын азайышына алып келет, ал товардык-материалдык запастардын пландаштырылбаган топтолушунун себеби болуп эсептелет. Фирмалардын ага жооп кайтарышы болсо жогору жакта сүрөттөлдү. Салык ставкаларынын төмөндөшү тескери таасир тийгизет. Болжолдуу түрдө, киргизүүнүн жана чыгаруунун фискалдык механизми ушундайча иштейт. Өткөөл экономикада өкмөттүн эң маанилүү функциясы экономиканы турукташтырууда, б. а., иш менен толук камсыз кылууну да, баалардын туруктуу деңгээлин да камсыз кылууда рынок экономикасына жардамдашууда турат. Азыркы фискал системасы өзүнөн өзү турукташтыруунун (автоматтык стабилдештирүүнүн) бир катар маанилүү элементтерин камтыйт. Аларга салык кирешелерин өзүнөн өзү өзгөртүү кирет. Салыктардын прогрессивдүү системасы жеке кирешелерге жана корпорациялардын кирешелерине жараша болот. Алар азая баштаганда, өкмөттүн да салык кирешелери азая баштайт.

Кирешелер өскөндө, салыктар да өсө баштагандыгына көңүл бургула. Ошентип, салыктардын азыркы системасы инфляция мезгилинде кирешелерди жогорулатуу жана аларды депрессия мезгилинде кыскартуу тенденциясы менен кубаттуу жана тез иштөөчү «бириктирилген стабилизатор» болуп эсептелет. Бул экономикалык циклди басаңдатуучу кубаттуу фактор. Мындан тышкары «автоматтык стабилизаторлорго» жумушсуздук боюнча пособиелер ж. б. социалдык төлөмдөр, фермерлерге жардамдашуу программалары, корпорациялардын аманаттары жана жеке аманаттар кирет. «Автоматтык стабилизаторлордун» иштешинин чектери алардын иш-аракетинин механизми аларды толугу менен жоюуга жетишсиз экендиги менен аныкталат. Ал бузулуштардын калган бөлүгүн четтетүүнү дискрециялык фискалдык жана кредиттик-акча саясатынын иш-аракетине калтырат.

Дискрециялык фискалдык саясаттын негизги куралдары төмөнкүлөр болуп эсептелет:

  • а) Мамлекеттик чыгашалар менен байланышкан программаларды өзгөртүү;
  • в) «Трансферттик» типтеги (бөлүштүрүлгүс) чыгашалардын программаларын өзгөртүү;
  • с) Салыктардын деңгээлин өзгөртүүлөр.

Дискрециялык программаларды турмушка ашыруу алардын башталышы менен натыйжаларынын ортосундагы убакыттагы үзгүлтүккө байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондуктан аларды кыска мезгилдүү чөгүүлөргө каршы күрөштүн каражаттары катары колдонуу ылайыксыз болот. Мындай шартта калкка түз төлөмдөрдүн жана салыктардын көлөмүн өзгөртүү боюнча иш-чаралар алда канчалык ийкемдүү болуп саналат. Инфляциялык үзгүлтүк чек коюучу фискалдык саясатты талап кылган кезде, тең салмактуу (балансылаштырылган) бюджеттин принциби өтө жогорку салыктардын зарылдыгы жана чыгашалардын кыскарышы менен дээрлик бузулат. Дефляциялык ажырымды жоюу аракеттери бюджеттин дефицитине алып келиши мүмкүн. Бул мамлекеттик бюджеттин жылдын чектериндеги балансыланышын чоң маселеге айландарып жиберет.

Мамлекеттин жөндөмдүүлүгүн, калктын жана мамлекеттин чарба жүргүзүүчү субъектилеринин жана анын өкмөтүнүн ишениминин эң жогорку көрсөткүчү бул салык системасын адилеттүү система катары таануу. Андан улам өзүлөрүнүн кирешелерин, пайдаларын ыктыярдуу жана ак ниеттүү «декларациялоо», тиешелүү чегерүүлөрдү бюджетке тыкандык менен төлөп туруу болуп эсептелет. Салык системасы өкмөт үчүн чарба жүргүзүүчү субъектилерге жана калкка таасир тийгизүүнүн негизги экономикалык өбөлгөлөрүнүн бири болуп кызмат өтөйт. Анын жардамы менен мамлекет социалдык милдеттерди чечүү үчүн каражаттарды топтоштуруп, мамлекеттин коопсуздугун жана өлкөдөгү укук тартибин камсыз кыла алат. Бирок салык системасы өзүнө берилген ролду кынтыксыз аткарышы үчүн, аны натыйжалуу жана социалдык жактан адилеттүү системага айландыруу зарыл. Эгерде биз демократиялык укуктук мамлекет туурасында сөз кылсак, анда бийлик жарандык коомдун колунда болууга тийиш. Калк жана ар кыл чарба жүргүзүүчү субъектилер салыктарды мамлекетке жөн эле кайтарылгыс жана максатсыз алым сыяктуу төлөөгө милдеттүү эмес. Салыктар мамлекетке аларга көрсөтүп жаткан коомдук зарыл, пайдалуу кызматтар үчүн төлөнөт. Коомго билим, маданият, саламаттык сактоо, илим керек. Мамлекет буларды уюштурууну өзүнө алат жана бул кызматтарды коомго көрсөтүп турат. Коом бул кызматтарга өзүнүн салык төлөөчүлөрү аркылуу акы төлөйт. Коом өзүнүн мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга, алардын укуктарына кепил болууга муктаж. Коом курчап турган чөйрөнүн корголушуна таламдаш.

Коом жардыларды, жетим балдарды, багуусуз калган кары-картаңдарды социалдык жактан колдоо үчүн жана табигаттын бөөдө кырсыктарынын ж.у.с. кесепеттерин жоюу үчүн белгилүү резерв түзүүгө милдеттүү. Ушунун бардыгына жумшалуучу сарптоолор рационалдуу масштабдарда болууга тийиш (сарптоолордун бүткүл суммасын аныктап, «мамлекеттин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн салык» катары ушул кызмат көрсөтүүлөр үчүн салык белгилеш керек). Салык төлөөчүлөрдүн арасынан ишкердик жүргүзүшкөндөрдүн үлүшү көбөйөт жана социалдык кызмат (илимге, билим берүүгө, маданиятка, саламаттык сактоого ж.у.с.) көрсөтүү чөйрөсүндөгү чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны көбөйөт. Аталган чөйрөдө мамлекеттик бюджеттин эсебинен (б. а., салык төлөөчүлөрдүн эсебинен) иштеп жаткандардын үлүшү азаят. Мамлекет ишканаларга карата катуу салык саясатын, жеке ишканаларга либералдык саясатты белгилөөгө тийиш эмес жана белгилей албайт. Жеке чарба жүргүзүүчү субъектилерге экономикалык эркиндик берүү, андан кийин өз эсебинен кармап турууну улантуу деле ушуга окшош.

Мамлекеттик сакталып калган ишканаларды «чөгөрүүгө» мамлекеттин саясаты жол бербейт. Менчик формасына карабастан бардык чарба жүргүзүүчү субъектилер мамлекет алдында экономикалык жоопкерчиликте болууга тийиш. Мамлекет да бирдей даражада менчиктин ар кыл формасындагы чарба жүргүзүүчү субъектилердин иштешине көмөктөшүүгө, алар менен экономикалык адилеттүүлүктүн принцибинде мамиле жасоого милдеттүү. Алар ошон үчүн мамлекетке салык төлөп турушат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9