Флегрей талаалары






Флегрей талаалары (итал. Campi Flegrei, от б.-грек. φλέγω — күйүү[1]) — Италиянын Неаполь шаарынын батышында жайгашып Поццуоли булуңундагы Мизено тумшугу менен батышынан жана Посиллипо тумшугу менен чыгышынан чектелген ири жанар тоолуу аймак. Ошондой эле Кумаенин жанындагы Тиррен деңизинин жээгин, Нисида, Просида, Вивара жана Иския аралдарын камтыйт. 2003-жылы улуттук парк деп жарыяланган.
Сольфатара жанар тоосунун аймагында жанар тоо газдарынын бөлүнүп чыгышы байкалган. Брадисейсмикалык кубулуштар — магма камерасынын ичиндеги процесстерден улам топурактын жай көтөрүлүшү жана чөгүшү дагы байкалат.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Геологиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул кальдера болжол менен 12 миң жыл мурун байыркы стратовулкандын ордунда пайда болгон. Андан кийинки вулканизмдин өнүгүүсү үч этап менен өткөн. Биринчи этапта трахит курамындагы боз туфтар топтолуп, алар кальдеранын сыртында кеңири таралган. Экинчи этапта «неаполитандык» деп аталган сары туфтар пайда болгон. Үчүнчү этапта өзгорүүлөр кальдеранын ичинде уланып, атылуулар бүгүнкү күнгө чейин созулуп келет[2].
Поццуоли булуңунун түндүк-батыш жээгинде диаметри 3 чакырым келген Аверно кратери жайгашкан, анын борборундагы оюктун ичинде ушундай эле аталыштагы көл бар[3]. Бул кратердин түштүк-чыгыш тарабында 1538-жылы пайда болгон Нуово (133 м) жанар тоо конусу орун алган[3]. Авернодон түндүккө карай диаметри 1,5 чакырымдык Рушелло, ал эми түндүк-чыгышында диаметри 3–5 чакырым болгон Кварто кратери жайгашкан. Түштүк-чыгыш тарабында диаметри 2–3 чакырым келген Пианура жана Аньано кратерлери, алардын батышында болсо дүйнөгө белгилүү Сольфатара кратери орун алган[3].
Бул аймак калк жыш жайгашкан жерлердин ичинен магма жер бетине абдан жакын жайгашкан сейрек аймактардын катарына кирет. Ушундан улам жер кыртышынын дайыма жана жай вертикалдык кыймылдарды — брадисейсмикалык кубулуштары болуп турат. Поццуоли шаарында 1970 жана 1983-жылдары вулкандык туфтун үстүндө жайгашкан Рионе Терре деп аталган эски борбору көтөрүлүп, андан кийин жай жана тегиз эмес түрдө кайра түшө баштаган. Мунун натыйжасында 10 миң тургун эвакуацияланып, үйлөрүнө кайтып келишкен эмес, бул аймакка кайтып келүүгө тыюу салынган[4].
Жанар тоонун атылуу тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Болжол менен 40 миң жыл мурун Флегрей талааларында болгон өтө күчтүү атылуу геологиялык ченем менен алганда Кавказдагы Казбек жана Түштүк Карпаттагы Ыйык Анна жанар тоолорунун атылышы менен бир убакта болгон. Бул окуя «жанар тоолук кышты» жаратып, неандертал адамынын тукум курут болушунун бир себеби болушу мүмкүн деген божомолдор бар[4][5][6]. Жаңы маалыматтарга таянсак, 39 миң жыл мурунку Кампаниядагы атылуудан кийин Европанын үстүндөгү атмосферада күкүрттүн көлөмү көбөйүп, ал күндүн нурун тосуп калган. Натыйжада абанын температурасы 5—10°С чейин төмөндөгөн[7].
Атылуу эки баскыч менен өткөн. Биринчисинде атмосферага 50 км³ катуу бөлүкчөлөр ыргытылса, жалпы атылуулардын сериясы 500 км³ ашык катуу заттарды чыгарган. Жанар тоо тектери Түштүк Италиядан Түштүк Уралга чейинки аймакка клин сымал жайылган. Күл катмары Түштүк Италиядан баштап Кара деңиз жана Каспий деңизине чейинки 1,1 миллион км² ашык аймакты каптаган. Румынияга чейинки аймактарда күлдүн калыңдыгы бир метрге чейин жеткен.
Өсүмдүктөр толугу менен жок болбогон аймактарда алардын өсүшү кескин басаңдаган. Күн нурунун жетишсиздиги фотосинтезге тоскоол болуп, жайкысын жылыбай жана суук болгондуктан бир нече жылдар бою өсүмдүктөр өспөй калган. Күл каптап калган аймактарды байырлаган жаныбарлар Италиядан Уралга чейинки эбегейсиз аймактарды таштап, жер которуп кетишкен. Флегрей талааларындагы бул атылуу акыркы 200 миң жыл ичиндеги Европадагы эң кечепеттүү жанар тоо менен байланышкан окуя болгон[8].
Флегрей талааларындагы эң акыркы жанар тоо атылуусу 1538-жылдын 29-сентябрында болгон. Ал 6-октябрга чейин созулуп, Монте-Нуово кесек күл конусунун пайда болушуна алып келген.
Туристтик жайлар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жер кыртыштын деңгээлинин өзгөрүшүнүн натыйжасында, биздин замандын I кылымында ушул аймакта жайгашкан Сенека «деңиздеги шаар» деп аталган шаардын жээк бөлүгү 10 метр тереңдиктеги суунун астында калган. Учурда бул жер туристтик объектке айланып, аны түбүнө иллюминаторлор орнотулган атайын кемелер менен барып, көрүүгө болот. Бул аймакты «суу астындагы Помпей» деп аташат.
Поццуоли шаарында биздин замандын I–II кылымдарында курулган «Серапис ибадаткана» орун алган.
Биздин заманга чейинки 520-жылы грек колонисттери тарабынан негизделген бул шаар адегенде Дикеархия («адилеттүү башкаруу») деп аталган. Азыркы Поццуоли аталышын римдиктер бул жердеги жагымсыз жыттуу бууларды чыгарып турган кудуктарга байланыштуу ыйгарышкан.
Шаардан алыс эмес жерде Сольфатара (Sulpha Terra — «күкүрттүү жер») жайгашкан. Бул бир нече фумаролардан турган жана адамдар бара алууга мүмкүн болгон жанар тоо. Фумаролалардын эң чоңу — 4000 жыл мурун пайда болгон Бокка Гранде. Ал температурасы 160°C жеткен жана күкүрттүү суутектин жыты бар жанар тоо газдарынын өтө ысык буусунун булагы болуп саналат. 2012-жылдын аягында бул кратерде жер кыртышынын деформациясы башталып, окумуштуулар бул жерди планетадагы саналуу гана супер жанар тоолордун бири катары аныкташкан.
Мифологияда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Флегрей талаалары — байыркы грек мифологиясындагы бул аймакта Зевс баштаган кудайлар жана алардын жардамчысы Геракл менен алптардын ортосунда салгылашуу болгон жер.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ flegreo. Garzantilinguistica.
- ↑ Helen Brand. Volcanism and the Mantle. Campi Flegrei
- 1 2 3 The Wiley Network. Caldera unrest prior to intense volcanism in Campi Flegrei (Italy) at 4.0 ka B.P.: Implications for caldera dynamics and future eruptive scenarios
- 1 2 Journal of Volcanology and Geothermal Research. Mobility of a large-volume pyroclastic flow — emplacement of the Campanian ignimbrite, Italy
- ↑ Антропогенез. Ни о каких контактах неандертальцев и сапиенсов в Европе говорить не приходится
- ↑ PLOS. The Campanian Ignimbrite Eruption: New Data on Volcanic Ash Dispersal and Its Potential Impact on Human Evolution
- ↑ Наука и жизнь. Гибель неандертальцев: вулкан не виноват?
- ↑ Onliner. Извержения вулканов неоднократно приводили к катастрофам планетарного масштаба. Как это было?