Флекман, Давид Нафтулович
Флекман, Давид Нафтулович (1914-ж. т., Одесса обл.) – живописчи. Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер. 1940-ж. Одессадагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1941-жылдан Кыргызстанда жашаган. 1943-ж. биринчи жолу Москвада өткөн “Тыл жана фронт” аттуу көргөзмөгө катышкан. 1946-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайында сабак берген. Ф. тематикалык картина жана портрет жанрында өзүн көрсөтө алган. Ф-дын тарыхый темадагы “М. В. Фрунзе өлүм жазасына тартылгандардын арасында” (1958) аттуу картинасы кыргыз живописиндеги мыкты чыгармалардын катарына кирет. Кыргыз жеринин жаратылышы жана элинин жашоо-турмушу сүрөтчүнүн Токтогул ГЭСинин курулушу темасында жана көптөгөн ири пейзаждар циклдеринде чагылдырылган. 60–70-жылдары ал кыргыз искусство ишмерлеринин портреттеринин сериясын жараткан. “Гульнарка” (1957) аттуу портрети мыкты эмгектеринин бири. Ф. 1980-ж. Киров суу сактагычынын курулушуна арналган “Күн желеси” полотносун тарткан. Ф. “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”, “Жеңиштин 30 жылдыгына карата” медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004