Флиндерс

Википедия дан
Флиндерс

Флиндерс - Австралиянын түндүгүндөгү дарыя. Уз. 830 км, алабынын аянты 108 мин км2.

Чон Суу бөлгүч кырка тоосунун батышынан (Грегори тоосунан) башталып, Арафура деңизинин Карпентария булуңуна куят. Орточо чыгымы 108 м3/сек. Жайкы жамгырлуу мезгилде суусу мол болот.

Ири куймалары: Саксби, Клонкарри. Алабы кургакчыл мезгилде жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4