Мазмунга өтүү

Флокуляция

Википедия — ачык энциклопедия

Флокуляция – флокулянттар деп аталуучу ири мол. массалуу заттар жыйнагыч таасиринде бири-бири менен өз ара байланышпаган коллоиддик бөлүкчөлөр көпшөк агрегаттарга биригүү процесси. Флокулянт бөлүкчөлөр бетине сорбцияланып, полимердик көпүрөнү пайда кылат да, ал аркылуу бөлүкчөлөрдү бири-бири менен байланыштырат. Флокулянт оптималдуу санда кошулбаса дисперстик система стабилдүү абалга өтүшү мүмкүн. Флокулянттар табигый жана синтездик, орг. эмес жана орг., ионогендүү жана амфотердүү болуп бөлүнөт. Орг. эмес флокулянтка кремний к-тасы кирет. Табигый орг. флокулянттарга крахмал, карбоксилметилцеллюлоза жана башка таандык. Синтездик флокулянт катары өндүрүштө кеңири өндүрүлүүчү полиакриламид кирет. Анын мол. массасы 106 сууда жакшы эрийт. Катиондук флокулянт катары полистирол менен поливинил – толуол негизинде алынган төртүнчүлүк аммоний туздары колдонулат. Бул флокулянттарды киргил эритмелерди тундуруу жана сууларды механикалык аралашмадан тазалоодо колдонот. Алар көпшөк агрегаттар пайда болушун жана алардын чөгүшүн ылдамдатуу менен бирге чөкмөнүн тыгыздыгын жогорулатат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]