Флорида Университети
Флорида Университети (англ. University of Florida; Флорида же ФУ деп аталат) - 8.1 квм жерде жайгашкан америкалык мамлекеттик жер-грант, деңиз-грант, жана мейкиндик-грант изилдөө университети. Бул университеттин кампусу Флорида штатынын Гейнсвил университетинде жайгашкан. Бул Флориданын университеттеринин системасынын улуу мүчөсү болуп саналат жана ал 1853-жылы түзүлүп, жана 1906-жылдын сентябрь айынан бери анын Гейнсвил кампусунда үзгүлтүксүз иштеп келет.
Флорида Университети Америкалык Университеттеринин Бирикмесинин (АУБ) алтымыш эки шайланган мүчө-мекемелердин бири болуп саналат, түндүк америкалык изилдөө университтеринин көрүнүктүүсү жана АУБнын Флоридадагы жалгыз мүчөсү . Бул университет Окутууну өнүктүрүү үчүн Карнеги Фонду тарабынан жогорку деңгээлдеги изилдөө университети деп эсептелет. 2013-жылы иштин стандарттары боюнча Флорида штатында мыйзамы чыккандан кийин,Флориданын Губернаторлорунун Башкаруучу тобу Флорида Университетин Флориданын Мамлекеттик Университеттеринин Сиситемасындагы 12 университеттеринин арасындагы 2 "ири жогорку окуу жайларынын бири катары" кабыл алган. 2017-жылга карата АКШнын Жаңылыктары жана Дүйнөлүк Отчётунда Флорида Университети АКШдагы мамлекеттик университеттеринин арасында 14-орунду ээлеген.
Университет Колледждердин жана Мектептердин Түштүктөгү Бирикмесин тарабынан аккредиттен өткөн. Ал студенттердин саны боюнча АКШда үчүнчү орунда, жана жалгыз камусунда 2012-жылдын күзгү семестр учурунда 49.913 студенттери менен Америка Кошмо Штаттарында сегизинчи орунду ээлеген Флорида Университети он алты академиялык колледжерден жана 150дөн ашык изилдөө борборлору жана институттарынан турат. Ал бир нече магистр программаларын, анын ичинде бизнес-башкаруу, инженерия, мыйзам, стоматология, медицина жана ветеринардык медицина программаларын сунуштап, 123 магистрдик программаларды жана жетимиш алты доктордук программаларды сексен жети мектептеринде жана бөлүмдөрүндө окутат.