Мазмунга өтүү

Фоб

Википедия — ачык энциклопедия

Фоб, франко-борт (англ. FOB, free on board — «бортто бош» дегендин кыскартылганы) — эл аралык соода аталгысы, эл аралык соодада товарларды апкелүү шарттарынын бири («Инкотермс 1990» боюнча «F» тобу). «Бортто бош» деген товар жүктөө бекетинде кеменин кырынан өткөндөн тартып сатуучу өзүнүн милдеттенмесин аткарды деп эсептелерин билдирет. Ошол учурдан баштап сатып алуучу баардык чыгымдарды жана тобокелчиликти көтөрөт. ФОБ шарттары боюнча товарды экспорттоо үчүн зарыл жыйымдардан тазалоо милдети сатып алуучуга жүктөлөт. Бул аталгы товарды деңиз же ички суу унаалары менен ташууда гана колдонулат. Товар кеменин борт кырынан өткөн учурдан тартып иш жүзүндө колдонуу маанисине ээ болбосо, мисалы, контейнерде ташылып келген учурда ФАС аталгысын колдонуу максатка ылайыктуурак болот.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7