Фокус (тасма)

Википедия дан

"Фокус" (англ. Focus) Гленн Фикарра менен Жон Реква сценарийин жазып, режиссерлук кылган романтикалык криминалдык комедиялык драма. Америкада 2015-жылы жаркыкка чыккан тасмада бакшы ролдорду Уилл Смит, Марго Робби жана Родриго Санторо аткарган. Тасма кинотеатрларда 2015-жылдын 27-февралында көрсөтүлө баштаган. Киносынчылардардын ой-пикирлери бир беткей болбогону менен 50 млн долларга тартылган фильм кассалык жыйымдардан 159 млн доллар чогултуп, каржы жагынан ийгилик жараткан.

Тасма өндүрүшү

Аполло Роббинс кол менен көз боёмочулук-шамдагайлык манёврду үйрөтүп, кеңешчи катары иштеген. Режиссерлор Фикарра менен Реква "Аполло өз ишинин адиси жана бизге эргүү берет" деп айтышкан.

Эки режиссёр менен дизайнер Бет Микл июнь айында чөйрөнү изилдөө иштери үчүн Буэнос Айреске алгачкы сапарына барышкан. Экинчи жолу сапарга продюсерлер Денис Ди Нови жана Марк Скун менен барышкан. Андан кийин гана алар Сан Телмо, Пуэрто Мадеро, Барракас, Ретиро, Реколета жана Палермо жергелеринде жана ошондой эле Эсейса аба майданы менен бир нече мейманкаларда тартууну чечишкен.

Нейл Смит 2013-жылдын декабрь айында өткөн Санарип кино коомчулугу (Digital Cinema Society) форумунда сүйлөп жатып, тасманын Final Cut Pro X программасында монтаждалганына ишарат кылган. Бул "Фокустун" Apple компаниясынын монтаждоо программасы менен даярдалган эң ири өндүрүштүк тасма экенин билдирет.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]