Фольклористика

Википедия дан

Фольклористика - фольклор (эл чыгармачылыгы) жөнүндөгү илим.

Фольклористикада калайык жараткан (оозеки көркөм чыгарма, ыр, музыка, хореография, драма ж. б.) коллективдүү чыгармачылык изилденет. Европада Фольклористиканын жанданышына 18-кылымдын агартуучуларынын иш-аракети түрткү болгон. Россияда Фольклористиканын жаңыча иштелишине 19-кылымдын революциячыл демократтарынын фольклорго карата көз карашы таасир тийгизген. 19-кылымда жана 20кылымдын башында жаралган дүйнөлүк Фольклористикадагы негизги багыттар: миграциялык теория (Т. Бенфей), антропологиялык мектеп (Э. Б. Тайлор), этнопсихол. мектеп (В. Вундт), география-тарых (финн) мектеби (Ю. жана К. Крундар). Россиядагы Ф-нын ири өкүлдөрү: A. Н. Афанасьев, Ф. И. Буслаев, Н. Веселовский, П. В. Киреевский, A. Н. Пыпин ж. б. 20-кылымда фольклордо социологиялык изилдөө кеңири тарап, ал Россияда тарыхый мектеп (В. Ф. Миллер) деп аталган. Фольклористикадагы идеалисттик тенденциялар 20-кылымда батыш европалык ар кандай мектептер менен америкалык Ф-да айрыкча күчтүү болгон. 1950-жылдардын ортосунан тартып дүйнөлүк Фольклористикага мүнөздүү багыт структурализм (К. Леви-Строс) болгон. Кыргыз Фольклористикасынын тарыхы советтик доордон башталат. Ага чейин Ч. Валиханов, В. В. Радлов, Д. Алмаши, Б. В. Смирнов сыяктуу илимпоздор кыргыз фольклорунун, айрыкча «Манастын» айрым үлгүлөрүн жазып алып, өз пикирлерин айткан.

Революциядан кийин эл чыгармаларын жазып алуу, изилдөө колго алынган. Фольклордук чыгармаларды эл арасынан жыйноо, жазып алуу ишине зор эмгек сиңиргендер: К. Мифтакое, Ы. Абдрахманов, A. В. Затаевич. Кыргыз Ф-сынын өнүгүшүнө зор салым кошкондор: К. Рахматуллин, М. Вогданова, М. Ауэзов, П. Фалев, Е. Поливанов, В. М. Жирмунский, Б. М. Юнусалиев ж. б-дын «Манас» (к. Манас таануу) баштаган фольклордук чыгармалар боюнча илимий эмгектери бар. Эл чыгармалары өз алдынча жыйнак болуп чыгып жатат. «Эл адабияты» деген серия менен 1996-2003-ж. ичинде КР УИАнын мурдагы Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун илимий кызматкерлери тарабынан, А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында 40 томдук деп пландаштырылган китептердин 30 тому жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4