Фомоз

Википедия дан

Фомоз - өсүмдүктүн Phoma уруусундагы мите козу карын козгоочу илдети.

Капуста, картошка, сабиз, кызылча Ф-у көп кездешет. Илдеттүү өсүмдүктөргө кургак, чуңкур так, кара, кийин бозомук так жана жик түшүп, сактоодо чирийт. Илдет үрөн, өсүмдүк калдыгы, топурак аркылуу жугат. Каршы күрөшүү чаралары: капуста үрөнүн 48-50”С температурадагы сууга 20 мин салып ысытуу; эгүү алдында илдеттүү үрөндү алып таштоо; үрөндү ууландыруу, өсүмдүк калдыгын жок кылуу; туура которуштуруп айдоо; илдеттен таза үрөн эгүү, фунгицид чачуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4