Фонвизин Денис Иванович
Фонвизин Денис Иванович (3 (14). 4. 1744 же 1745, Москва - 1 (12). 12. 1792, Петербург) - орус жазуучусу, агартуучу.
Орус социалдык комедиясына негиз салгандардан. Ак сөөк үй-бүлөдөн. 1755-62-ж. Москваунтине караштуу гимназияда окуган. «Шумпай түлкү» (1762) жана «Кызматкерлериме арноо» (1763-66) деген тамсилдери аркылуу сатирик катары таанылган. «Бригадир» (1769) аттуу содиалдык-турмуштук комедиясында орус ак сөөктөрүнүн француз маданиятына кылган кошоматчылыгын сатиралык мүнөздө ачып берген. «Кемпай» (1783) сатиралык комедиясында дворяндык тарбияны, билим берүү системасын ашкелерелеп, кийинчерээк лакапка айланган помещик-крепостниктер Простаков менен Скотининдердин жана Митрофанушканын образдарын түзгөн. Ф-дин чыгармалары реалисттик орус адабиятына таасир тийгизген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4