Формула-1
| Формула-1 | |
| | |
| Жалпы маалымат | |
|---|---|
| Категория |
Ачык дөңгөлөктүү автожарыш |
| Өлкө же аймак |
Эл аралык |
| Биринчи сезон |
1950 |
| Негизги серия | |
|
Формула-1 | |
| Колдоочу сериялар | |
|
Формула-2, Формула-3, Формула-1 Академия | |
| Чемпионат / Кубок | |
| Айдоочулар |
20 |
| Командалар |
11 (2026-жылдан баштап) |
| Сезондогу Гран-при |
24 |
| Конструкторлор |
Формула-1 командалары |
| Кыймылдаткыч жеткирүүчүлөр |
Ferrari, Mercedes, Honda, Renault |
| Шина жеткирүүчүлөр | |
| Чемпиондор | |
| Учурдагы чемпион | |
| Учурдагы чемпион команда | |
| Өндүрүүчүлөр кубогунун жеңүүчүсү | |
Формула-1 (кыскарт. Ф1, англ. Formula One, Formula 1, F1) — ачык дөңгөлөктүү жарыш унаалар үчүн уюштурулган эл аралык унаа жарыш чемпионаты. Дүйнөдөгү эң жогорку деңгээлдеги автоспорт боюнча мелдеш. Бул мелдеш Эл аралык автоспорт федерациясы (ФИА, англ. FIA) тарабынан өткөрүлөт.
Чемпионат жыл сайын бир нече өлкөлөрдө өтүүчү жарыштардан турат, алар Гран-при деп аталат. Чемпионаттын биринчи сезону 1950-жылы өткөрүлгөн.
Ар бир сезон көптөгөн этаптардан турат. Ар бир жарыштын жыйынтыгында айдоочулар жана командалар упай алышат. Сезондун аягында эң көп упай топтогон айдоочу дүйнө чемпиону, ал эми эң көп упай алган команда конструкторлор чемпиону болот.
Жарыштын этаптары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыл ичинде 20дан ашык жарыш болуп, алардын жыйынтыгында дүйнө чемпиону аныкталат. Формула-1 жарышы төмөнкүдөй этаптардан турат:
- Практика:
Жарыш болордон 1–2 күн мурда айдоочулар трасса менен таанышып, машыгышат.
- Тандоо (квалификация):
Бул этапта ким канчанчы орундан жарышка чыгары аныкталат. Ким эң тез убакытта айдап чыкса, ошол биринчи орунга ээ болот (поул-позиция; англ. pole-position).
- Негизги жарыш:
Жекшемби күнү негизги жарыш өтөт. Болиддер стартка чыгып, белгиленген айлампаларды (айланууларды) айдашат — көп учурда бул 50–70 айлампа болот. Ким биринчи болуп финишке жетсе, ошол жеңүүчү болот. Формула 1де колдонулуучу машиналар — болиддер деп аталат. Алар кадимки унаалардан таптакыр айырмаланат.
Командалар жана унаалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Формула-1 чемпионатында ар бир команда эки айдоочудан турат. Командалар өздөрүнүн жарыш унааларын долбоорлоп жана даярдашат. Унаалар ФИА тарабынан белгиленген техникалык талаптарга ылайык болушу керек. Бул талаптар унаанын салмагын, кыймылдаткычын, аэродинамикасын жана башка техникалык параметрлерин жөнгө салат.
2026-жылдан тартып чемпионатка жалпысынан 11 команда катышуусу пландалууда.
Формула-1 унаалары дүйнөдөгү эң ылдам жарыш унааларынын катарына кирет. Айрым учурларда алар 0–100 км/саат ылдамдыкка болжол менен эки секунд ичинде жетип, максималдуу ылдамдыгы 360 км/сааттан ашышы мүмкүн.
Жарыш эрежелери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Формула-1 жарыштары адатта старт сызыгында турган абалдан башталат. Жарыш учурунда командалар стратегияны колдонуп, шиналарды алмаштыруу үчүн пит-стоп жасашат. Коопсуздук эрежелерине ылайык, кургак трассада айдоочулар жарыш учурунда кеминде эки түрдүү типтеги шиналарды колдонууга милдеттүү. 2010-жылдан бери жарыш учурунда унаага күйүүчү май куюуга тыюу салынган.
Жарыш маалында кырсык же трассада кооптуу абал жаралса, коопсуздук унаасы (англ. Safety Car) трассага чыгышы мүмкүн. Айрым учурларда жарыш убактылуу токтотулуп, кызыл желек көрсөтүлөт. Кооптуу участоктордо сары желек көрсөтүлүп, айдоочуларга ылдамдыкты азайтуу жана башка унааларды озуп өтпөө талап кылынат.
Формула-1де Аба каршылыгын азайтуу системасы (англ. Drag Reduction System, кыскарт. DRS) колдонулат. Ал арткы канаттын бурчун өзгөртүү аркылуу абанын каршылыгын азайтып, айдоочуга атаандашын озуп өтүүгө жардам берет.
Упай берүү тартиби
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1-орун — 25 упай
- 2-орун — 18 упай
- 3-орун — 15 упай
- 4-орун — 12 упай
- 5-орун — 10 упай
- 6-орун — 8 упай
- 7-орун — 6 упай
- 8-орун — 4 упай
- 9-орун — 2 упай
- 10-орун — 1 упай