Фосфиттер
Көрүнүш
Фосфиттер — фосфит к-танын (Н3РО3) туздары жана эфирлери. Туздары (мис., NаН2РО3 жана N2НРО3) — кристаллдык заттар. Алар суутек бир же эки атомунун металл менен алмашуусунан пайда болот жана орг. эмес синтезде калыбына келтиргич катары колдонулат. Эфирлери (RО)3Р, кычкыл (RО)2Р(О)Н жана RОР(ОН)2, мында R — орг. радикал, — спирт менен үч хлордуу фосфор кошуудан алынат. Полимер материалдарынын стабилизатору катары жана антиоксидант, фосфор орг. бирикмелерин синтездөөдө аралык зат катары колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6