Фосфор

Википедия дан
Фосфор.

Фосфор (грек тилинен Phosphorus) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VА группа элементи, к.н. 15, ат. м. 30,9733. Жаратылышта Ф. массалык саны 31Р барабар болгон туруктуу бир изотоптон турат. Ф. Xll к. араб алхимиктери тарабынан ачылганына карабастан, 1669-ж. нем. окумуштуусу Х.Бранд ачкан деп эсептелет. Ф. массасы боюнча жер кыртышынын 8×10-2 % түзөт. Ф. эркин түрүндө жаратылышта кездешпейт, бирок 190 жакын минерал курамында кездешет. Жаратылышта таралышы боюнча 13-орунду ээлейт. Негизги минералдары аппатиттер – 3Са3(РО4)2×СаХ2 (Х-фтор, хлор же ОН-группасы), фосфориттер – Са3(РО4)2. Булардын запасы 17 – 47 млрд. т түзөт. Ф. бардык өсүмдүктө, жаныбарлар денесинде кездешет. Адам денесинде орто эсеп менен 1,5 кг Ф. кездешсе, анын 1,4 кг – сөөктө; булчуңда – 130 г ; мээде жана нерв системасында – 12 г болот. Тиш эмалы аппатит курамына окшош, башкача айтканда – Са5(РО4)3(F,Cl). Ф. үч аллотропиялык модификациясы бар: ак, кызыл жана кара. Ак Ф. көп таралган, өңү таза, аппак, эгер курамында аз өлчөмдө мышьяк же кызыл Ф. болсо, өңү саргыч болот. Ак Ф. b-формасын 75,9оС жана 1 атмосфералык басымда ысытканда a-формасына айланат. Ак Ф. сууда начар, ал эми СS2, суюк NH3, SO2, эфир, бензолдо жакшы эрийт. Ошондуктан ак Ф. сууда сакталат. Ак Ф., өзгөчө анын буусу өтө уу. Ак Ф. туюк идиште 250-260оС ысытканда кызыл Ф. айланат. Кызыл Ф. аморфтуу, бирок 400оС жогору ысытканда кызыл Ф. кристалл түрүндөгү формасына айланат. Кызыл Ф. уулуу эмес. Кара Ф. ак Ф. 200-220оС (12-17)×102 МПа басымда ысытканда пайда болот, өңү графитке окшош. Кара Ф. аморфтуу жана кристалл түрүндөгү формасы бар. Кара Ф. жарым өткөргүч касиетке ээ. Ф. химиялык бирикмелеринде V же III валенттүү. Ак Ф. өтө активдүү, кызыл жана кара Ф.ысытканда гана реакцияга катышат. Ошондуктан көп элементтер менен аракеттенип, ар түрдүү бирикмелер берет. Мисалы, оксиддер - Р2О5, P2О3, Р2О3×(РО2)m ; галогениддер - PF 3, PCl3, PBr3,PI3,PCl5, PBr5 ; гидриддер - РН 3, P2H4 ; сульфиддер – P 4S10, PS, P4S7 ; нитриддер – Р ХNУ ; карбиддер - РС 3 ; металлдар менен фосфиддерди берет. Окистендиргич (HNO3,HClO, H2O2 ж.б) же НСl буусу менен таасир этүүдөн Ф. кислоталары щелочтор менен ысытуудан РН3, КH2PO2 пайда болот. Металлдар (Сu, Аg, Au, Pb ж.б) туздары суудагы эритмесинде, ак Ф. өтө жеңил окистенет. Ошондуктан бул туздар эритмеси сууну ак Ф. тазалоодо колдонулат. Ф. апатит жана фосфориттен алынат. Эркин Ф. рудадан алынган концентратты майдаланган кокс жана SiO2 менен аралаштырып, электр мешинде 1400-16000С ысытуу менен калыбына келтирүүдөн алынат. Газ түрүндөгү Ф. чаңдан тазаланып, суунун астында муздатылып чогултулат. Ак Ф. өтө уулуу болгондуктан жана таза түрүндө көп пайдаланылбайт, ал Ф. кислоталарын, хлориддерин, кызыл Ф. алууда колдонулат. Ф. таза түрүндө 1-жолу 1829-ж. нем. химиги Фридрих Велер алган:

Са3(РО4)2+3SiO2+5C = 2P+5CO+3CaSiO3

Жарым өткөргүч катары пайдаланылуучу таза Ф. (99,99999 %) алууда бир нече ыкманы колдонуу керек. Ф. жана анын бирикмелери снаряд, бомба, ширенке, жарым өткөргүч материалдар, жер семирткичтер, химиялык реактивдер, кир кетирүүчү каражаттар жана башка эл чарбасына керек буюмдарды жасоодо өнөр жайда сууну жумшартууда жана медицинада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]