Фосфор оксиддери
Фосфор оксиддери — фосфор менен кычкылтек бирикмелери. Фосфор негизги оксиддери Р2О5 жана Р2О3.Р,О|0(Р2О5)— фосфор ангидриди, өтө ным тарткыч ак күкүм. Фосфор ангидриди эки суюк жана үч кристалл түрүндөгү формалары бар. Булар бири биринен тыгызд., эрүү жана буулануу темп-ралары менен айырмаланат. Суу менен реакцияга кирип, фосфор кислоталарын берет. Фосфор ангидриди, суусуз азот к-тасына кошкондо, аны N2О4 жана амидди нитрилдерге айландырат. Металл менен аракеттенишип, фосфат, фосфит, суусуз Н F, НС1, НВг менен оксигалогенди жана метафосфор к-тасын пайда кылат. Фосфор ангидриди таза фосфорду күйгүзүүдөн алынат. Р2О5 негизинен газдар жана суюк заттарды кургаткыч катары, орг. бирикмелер синтездөөдө жана башка кеңири колдонулат. Фосфит ангидриди Р2О3 — кристалл түрүндөгү ак күкүм, тыгызд. 2,1 г/см3, эрүү 123,8°С, кайноо t 175,4°С. Бензолдо начар эрийт. 210°С жогору ысытканда СО2 жана кызыл фосфорго ажырайт. Абада ысытканда фосфор ангидридине айланат. Өндүрүштө Ф. к. жетишсиз шартта күйгүзүү менен алынат. Муздак сууда эрип, фосфит к-тасын Н3РО3, ысык сууда фосфин, фосфор кислоталарын жана башка пайда кылат. Орг. синтезде кенири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6