Фотодиод

Википедия дан

Фотодиод - оптикалык нурлануу таасир эткенде бир жактуу фотоөткөрүмдүүлүккө ээ жарым өткөргүч.

Фотодиоддун жарым өткөргүчтүү кристаллы электрон-көңдөйлүү өтүүгө (р-п) ээ. Фотодиод эки режимде иштейт:

1) р-п өтүүсүндө жабуучу тескери жылышууну пайда кылуучу турактуу ток булактуу Ф. режими;

2) мындай ток булагы жок учурда бекитме режим.

Фотодиод режиминдеги Фотодиод резистор сымал тизмектеги электр тогун башкаруу үчүн колдонулат. Жарыктын негизинде пайда болгон негизги эмес заряддар р-п өтүүсүнөн диффузияланат жана өтүүнүн электр талаасын начарлатат. Ф-догу фототок жарык күчунө сызыктуу көз каранды. Фотодиоддун спектр сезгич бөлүгү жарым өткөргүч материалга жараша болот. Фотодиоддор жарыктын бир аз эле өзгөрүүсүн аныктай алгандыктан, күзөттүк сигнал берүүдө, көзөмөл камераларында жана оптика-коммуникациялык байланышта колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4