Фотоядролук реакциялар
Көрүнүш
Фотоядролук реакциялар, ядролук фотоэффект – атом ядролордун р протондорду, n нейтрондорду же кыйла татаал бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгаруу менен γ-кванттарды жутушу. (γ, р) жана (γ, n) Ф. р-ы дээрлик толук изилденген.
Атомдун ядросунан протонду же нейтронду (нуклонду) бөлүп алышы үчүн γ-кванттын энергиясы ядродогу нуклондордун байланыш энергиясынан көп болууга тийиш, к. Ядро реакциялары.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0