Мазмунга өтүү

Фото-ЭКК

Википедия — ачык энциклопедия

Фото-ЭКК (фотоэлектр кыймылдаткыч күчү) – жарым өткөргүчтө электр-магниттик нурлануу (фотондор) жутулганда пайда болуучу электр кыймылдаткыч күч (фотовольталык эффект).

Фото-ЭКК заряд алып жүргүчтү дүүлүгүүчү (генерациялануучу) нурлануу менен мейкиндиктик ажыратууга шартталган. Бир типтүү жарым өткөргүчтө диффузиялык Фото-ЭКК, бир тектүү эмес жарым өткөргүчтө вентилдик Фото пайда болот. Гетеро- өтүштө жана p-n өтүштө пайда болгон Фото-ЭКК өзгөчө маанилүү. Ал фотовольталык жана күн элементтеринде пайдаланылат. Фото-ЭКК бир тектүү жарым өткөргүчтө аны бир мезгилде бир октуу кысуу жана жарыктандырууда да (фотопьезоэлектрдик эффект) пайда болушу мүмкүн. Б.И.Давыдов 1937-ж., эгер фото алып жүргүч-төрдүн энергиясы башка заряд алып жүргүчтөрдүн энергиясынан байкаларлык айырмаланса, негизги заряд алып жүргүчтөрдү гана дүүлүктүрүүдө да Ф.-ЭКК пайда болушу мүмкүн экендигин аныктаган. Жарык басымынын Фото-ЭКК кубаттуулукту жана лазердин нурлануу импульсун өлчөөгө арналган тез аракет этүүчү нурланууну кабыл алгычтарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]