Фразеологизмдер

Википедия дан

Фразеологизмдер "Манас" эпосунда , үчилтиктин идеялык мазмунун, андагы ар түрдүү окуяларды, каармандардын образдарын туюндурууда көптөгөн поэтикалык көркөм каражаттар колдонулган. Алардын бири Ф. Ф. сырткы формасы жана маани туюндуруучу өзгөчөлүгү боюнча тилдин башка бирдиктеринен айырмаланып турат. Тактап айтканда, эки же андан көп сыңарлардын (компоненттерден) турган туруктуу сөз тизмектери лексикалык бир бүтүндүккө айланып, семантикалык (маанилик) жактан бекем ширелишип, образдуу сапатка ээ болгон өзгөчө туюнтмалар Ф-дин курамын түзөт.

Ф. айтылуучу ойду угуучуга (окурманга) элестүү, таамай, образдуу кылып жеткирүүдө тилдик көркөм каражат катары кызмат аткарып, речке ар түрдүү түс берүүчү боёк катары пайдаланылат.

Тилдик көркөм каражаттардын бири болуп саналган мындай бирдиктер — Ф. "Манас" эпосунда кеңири колдонулган.

"Манас" эпосунда колдонулган Ф. каармандардын ойтолгоосун, маанайын, кулк-мүнөзүн, адамгерчилик сапатын, айлана-чөйрөгө жана бири бирине болгон мамилесин, д. ушундай сыяктуу көптөгөн түшүнүктөрдү сезимге жетерлик таасир менен образдуу туюндурат:

Оң көзүнөн от чыгып,

Сол көзүнөн чок чыгып.

Оозунан ойрондун,

Ок жазайыл топ чыгып...

Бул саптардагы Ф. каармандын кандайдыр бир нерсеге (же бирөөгө) карата кыжыры кайнап, ачууланып жаткандыгын элестүү чагылдыруу менен ага карата мамилесин туюндуруп турат. Тосуп чыгар туяк жок, Армандуу сөөк сыздады... контексттеги "сөөк сыздады" деген фразеологизм каармандын баласы жоктугуна арман кылып, катуу кайгырып, терең кыжалатчылыкка батып, кыйын абалда турганын туюндурууда. Ал эми каармандын кыйын кезеңге туш болуп, аргасыз абалда калганын: "Жалгыздыгы билинди, Жар мойнуна илинди" же "Кашайып көңүл бөлүнүп Кабырга сөөгү сөгүлүп", "Кең дүнүйө тар болуп..." сыяктуу Ф. таамай, ары элестүү кылып чагылдырып турат. Каармандардын, бөтөнчө башкы каармандардын, анын ичинде Манастын маанайын (кубанычын, кайгысын, өкүнүчүн, албууттанганын же ачууланганын, сабырдуулугун, жактырбаганын д. ушундай сыяктуу жактарын) сүрөттөөдө Ф. кеңири колдонулуп, айтылуучу ойдо угуучунун же окурмандын сезимине түшүнүктүү, элестүү кылып жеткирүүдө ар түркүн боёк катары аткарат. Ойду кадимки сөз менен түшүндүрүүгө караганда Ф-дин өзгөчө туюнтма экендигин төмөнкү ыр саптары ынандырарлык айгинелей алат. "Кан куюлду көзүнөн", "түтөп турган чагы бар", "ажыдаар түгүн салыптыр". Жогорку фразеологиялык айкаштарда каармандын ачуулангандыгы, душманга болгон каары, кайраты берилет. Ал эми "каңырыгы баш жарып, үшкүрүгү таш жарып, сыртым жалын, ичим чок" деген Ф. кайгыны, өкүнүчтү өзгөчө күч менен туюндурат. Кээ бир Ф. көңүл көтөрүңкүлүгүн же кубанычты билдирүү үчүн колдонулат: "Алмамбеттин эрдиги, Төбөмү көккө жеткирди", "Жоругу жанды кубантат, Күлкүсү күндү чыгарат", "Көргөндө ишин Чубактын , Койнума батпайт кубанчым..." Бирөөнүн (адатта күч же бийлик ээсинин) каарына калуу же анын ачуусуна тийип алып, өзү кооптуу абалда калган учур төмөнкүчө сүрөттөлөт: "Көрдүңбү балээ шумдугун, Басып алган окшойбуз, Ажыдаардын куйругун..." Бул саптарда "ажыдаардын куйругун басып алуу" деген фразеологизм ыр түзүлүшүнө ылайыкталып колдонулган. Башкы каармандардын душман менен кармашуу учурундагы жаалы, аларды толук талкалоо үчүн аёосуз мамилеси, качып кутулууга аракет кылгандарын колго түшүрүү үчүн артынан кууп, издөө салганы да көп учурларда Ф. аркылуу берилет: "талпагын ташка керели, чыканак жерге салбастан, чырым этип уйку албастан; бөрк ордуна баш алды" жана башкалар Кабагына кар жаап, мурутуна муз туруп (ачуулануу, каардануу мааниде); төбө чачы тик туруу (коркуу, кээде ачуулануу маанисинде); коломтосун казуу, күлүн көккө сапыруу, чаңын асманга чыгаруу (талкалоо, кыйратуу); согончогу канабоо (төрөтсүз аял); көзүн тазалоо (жок кылуу, өлтүрүү); ат кара тил болгондо (жаз мезгили); жүрөгүнөн кап кетти (билегинен сап кетти, үзөнгүдөн бут таюу), (ээрден көчүк кыйшаюу), (алдан-күчтөн таюу, чарчоо); кара жаак (сөзгө чечен); атка жеңил тайга чак (ылайыктуу) деген Ф. эпосто эң эле кеңири колдонулат.

Ф. адатта туруктуу формага ээ. Бирок, алар кээде айрыкча ыр түрүндөгү чыгармаларда өзгөрүүлөргө дуушар болот. Андай өзгөрүүлөр ыр сабынын муун өлчөмдөрүнө, уйкаштыкка байланыштуу зарылчылыктан улам келип чыгат. Алсак, жүрөгү оозуна тыгылды. кабыргасы кайышуу, ат соорусун салды, ажыдаардын куйругун басып алдыңар, бөрк ордуна баш алган дагы ушул сыяктуу Ф. ар түрдүү өзгөчөлүктөргө учурагандыгын төмөнкү ыр саптарынан көрүүгө болот: "Дукан тага журтунун Жүрөгү оозго тыгылды", "Кыргыздын журту ыйласа, Кабыргам жаман кайышкан", "Аңдыганга тамаша, Ат соорусун, аркасын Баары салып Манаска", "Сойлоп жаткан ажыдаар, Сонун иш кыйла бар, Куйругун басып алдыңар", "Бөрк ордуна бул бейбак, Аянбастан баш алган". Ф. ыр сабына камтылуу анын ритмикасын, саптардагы муун өлчөмдөрүн сактоо зарылчылыгына байланыштуу бирде форма жагынан өзгөрсө, кээде алардын компоненттеринин ортосуна сөз кыстарылып же бир сапка сыйбай калган учурда эки үч сапка бөлүштүрүлүп берилген учурларга далил болуп турат. Албетте, Ф-ди өзгөртүп колдонуунун мындай ыкмалары сөз чебери тарабынан атайын стилдик максатта ишке ашырылат да, фразеологизмдик мааниси бузулбастан сакталып калат.

"Манас" эпосунда Ф-ди стилдик максатта айрым өзгөрүүлөргө дуушар кылуудан башка ыкмалардын колдонулгандыгын көрөбүз. Алсак айрым каармандардын тигил же бул сапатын баса көрсөтүү үчүн синоним Ф-дин кабаттай айтылышы көп учурайт: "Үзүлгөндү улаган Өчкөн отту тамызган, Өлгөн жанды тирилткен, Ажыбай аман барсыңбы?", "Арыган атың семирди, Ачкан курсак тоюнду, Ачылган жериң жабылды".

Элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп, ооздон-оозго, муундан-муунга өтүп келе жаткан "Манас" эпосунун тили мезгилдин да, сөз кадырын барктай билген сөз зергерлеринин да сыноосунан өтүп келе жаткандыгын эпосто орундуу колдонулган Ф. да ырастап турат. Ал Ф. кандай формада, кандай ыкмада колдонулбасын, каармандын образын ачып берүүдө же объективдүү дүйнөнүн ар түрдүү жактарын чагылдырууда ойго тактык, кооздук, элестүүлүк киргизип, анын образдуулугун арттырып, тилдин көркөм каражаты катары кызмат аткарып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4