Фракциялар
Фракциялар , саясий (fractio - бүлүнүү, жиктелүү) - саясий партиянын обочолонгон бөлүгү, партиянын негизги принциптик жалпы же жеке жоболоруна карама-каршы өздүк ураандарынын астында аракет кылышат же саясий программасы менен чыгышат.
Ошондой эле бул түшүнүк бийликтин өкүлчүлүк органдарындагы кайсы бир партиянын өкүлдөрүнүн тобунун жүрүм-турумун жана аракеттерин аныктоо үчүн колдонулат. Фракциялар бир саясий платформада же бирдиктүү уюмда түрдүү саясий кызыкчылыктагы жана партиянын жалпы максаттарына жана милдеттерине жетүүнү түрдүүчө түшүнгөн топтордун сакталышына мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, Фракциялардын өкүм сүрүшү саясий партиянын социалдык жана коомдук негизин кеңейтүүнүн каражаты болуп саналат. Андан тышкары, партияларда Фракциялардын болушу, алардын бирге өкүм сүрүшү, уюмдагы лидерлик үчүн ар дайым атаандашуу жана күрөшүү жалпы принциптер менен биргелешкен түрдүү топтордун кызыкчылыгынын чагылуусу болуп, кандайдыр бир деңгээлде партияда бир Фракциянын саясий кызыкчылыктардын бир тобунун үстөмдүгүнө жол бербейт, теориялык талаш-тартыштарды жана саясий программаларды иштеп чыгууга түрткү берет.
Кээ бир убакта Италиянын Христиандык-демократтык партиясында өз алдынча аракет жасаган 15ке жакын Фракция болгон. Бирок дал ушул автономия шайлоо кампанияларынын мезгилинде партияны чыцалдырат да, католик-коммунисттерден католиктик фундаменталисттерге чейинки түрдөгү саясий топтордун колдоосун камсыз кылат. Фракция деп парламенттен баштап жергиликтүү бийлик органдарына чейинки бардык деңгээлдеги бийликтин өкүлчүлүк органдарындагы тигил же бул партиянын өкүлдөрүнүн тобу аталат. Мындай Фракциялардын жашап турушу эреже катары, партиянын уюмдук принцибинен жана мүнөзүнөн көз каранды. Парламенттик типтеги партияларда өкүлчүлүк органдарындагы фракциясы партиянын анча көп эмес дайым өкүм сүрүүчү органдарынын бири, көп учурда - партиялык механизмдин функция кылуусунун негизи болуп эсептелет. Фракциялардын аны түзгөн партия менен байланышы партиялык курулуштун уюмдук принциптеринен көз каранды.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8