Мазмунга өтүү

Франкль Феликс Исидорович

Википедия — ачык энциклопедия

Франкль Феликс Исидорович (12. 3. 1905, Вена - 7. 4. 1961, Нальчик ш.) - советтик механик жана математик, техника (1934) жана физикалык-математикалык илимд. (1936) доктору, проф. (1946).

Вена университетин (1927) бүтүргөн. СССРге эмиграцияланып, СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетине караштуу Коммунисттик академияда илимий кызматкер. Борбордук аэрогидродинамика институтунда (ЦАГИ) илимий кызматкер, бөлүмдөрдүн илимий жетекчиси (1934-44). 1944-жылдан Дзержинский атындагы Артилл. академияда иштеген. 1951-ж. Фрунзеге келип, КМУда кафедра башчысы, 1959-жылдан Кабарда - Балкар мамлекеттик университетинде иштеген. 90дон ашык илимий эмгектин автору. Анын эмгектеринин көпчүлүгү фундаменталдык изилдөөлөргө кирет. Негизги эмгектери: топология, газ динамикасы, аба винтинин теориясы, жалпы салыштырмалуулук теориясы жана аэрогидродинамиканын айрым маселелерине арналган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4