Франчайзинг келишими
Франчайзинг келишими — бир тарап (комплекстүү лицензиар) экинчи тарапка (комплекстүү лицензиатка) келишимде каралган лицензиардын фирмалык аталышын жана корголуучу коммерциялык маалыматын камтыган лизенциаттын ээлик кылуу ишкердигинде пайдаланылуучу өзгөчө укуктарынын комплексин, ошондой эле башка өзгөчө укуктарды (товардык белгини, тейлөө белгисин, патентти) акысын алуу менен пайдаланууга берүүгө милдеттенген келишим. Франчайзинг келишиминде лицензиялык комплексти, лицензиардын ишкердик кадыр-баркын жана коммерциялык тажырыйбасын (атап айтканда, эң аз жана/же эң көп көлөмдө пайдаланууну белгилөө менен), пайдаланылуучу аймакты көрсөтүп же көрсөтпөстөн, иш-аракеттин белгилүү бир чөйрөсүнө карата (лицензиардан алган же лицензиар чыгарган товарларды сатуу, башка соода-сатык иштерин аткаруу, кызмат көрсөтүү, жумуш аткаруу) пайдалануу каралышы мүмкүн. Франчайзинг келишими боюнча коммерциялык уюмдар жана ээлик кылуучу ишкер катары катталган жарандар гана тараптар боло алышат. Франчайзинг келишиминин мөөнөтүн көрсөтүү менен жана көрсөтпөстөн (мөөнөтсүз) түзүлүшү мүмкүн.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7