Фратрия

Википедия дан

Фратрия - бир уруунун ичиндеги (курамындагы) өз ара никелешкен бир нече уруктар.

Адегенде алар бир уруктун ичинен бөлүнүп чыгышып, кийинчерээк өз алдынча уруктар катары калыптанышкан. Айрым учурларда теги ар башка уруктардын биригүүсүнүн натыйжасында пайда болгон бир нече уруктун тобу катары да калыптанат. Эң алгачкы формасы - теги бир уруулардын эки фратрияга биригиши: дуалдык уюм.

Алгачкы фратрияга экзогамия мүнөздүү. Анын экзогамдуулугу экзогамдык уруктарга фратриянын бөлүнүү процесси менен бирге жоюлат. Ар бир фратриянын өз аталышы бар, ага кирген уруктардын тыгыз өз ара байланышы, түрдүү салт-жөрөлгөлөрү ж.б. бар. Фратриалдык байыркы курамды кыргыз урууларынан, анын ичинен мунгуштардан (кош тамга, жагалмай тамга уруктар тобу), жору (ача тамга, кылыч тамга уруктар тобу), кытай (онтогор, төңтөрт уруктар тобу) ж.б. байкоого болот.

Мисалы, мунгуш уруусу жана анын фратриалдык курамы: Жагалмай тамга уруктар тобу: сарылар, кодогочун, тээке, жоош, жылкелди, жапалак. Кош тамга уруктар тобу: соколок, эрке кашка, улуу катын, төлөйкөн, көк жатык, омонок.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.