Фриш Рагнар Антон Киттил
Фриш Рагнар Антон Киттил 1895-жылы Осло шаарында төрөлгөн.
1919-жылы университеттин экономика факультетин бүтүргөн. Ал Франция жана Великобританияда окуган. Фриш эл аралык эконометрика ассоциациясын негиздеп, 1932—1965-жылдары Ослодо экономика институтунун директору, «Экономика» журналынын Башкы редактору (1933-1935) болуп иштеп келген.
Ал саясатка кызыккан эмес, бирок Норвегиядагы нацизмдин душманы жана еврей катары камакта болгон. «Өзгөрүп туруучу экономикадагы жайылтуу жана ишке шыктандыруучу күч маселелери» - аттуу эмгегинде (1933), Фриш экономикалык циклди талдоону жаңы тепкичке көтөрүп, «макроэкономика» жана «микроэкономика» түшүнүктөрүн дүйнөдө биринчи жолу пайдаланган. «Макроэкономика», экономиканын бирдиктүү жалпы улуттук деңгээлдеги иштердин чөйрөсүн тизмектешире камтыса, «Микроэкономика» экономикалык субъектилердин (бирдиктердин) жүрүш-туруш чөйрөлөрүн белгилөөгө багытталган экономиканын бөлүкчөлөрү катары аныкталган.
Фриш мындан тышкары экономикалык теорияда жана эмпирикалык изилдөөлөрдү математиканы пайдаланууну белгилеген «эконометрика» терминин киргизген. Фриш математикалык моделдерди түзүүеү менен өз заманынан бир кыйла озуп түшүп, кийин анын ишин уланткан илимдин жаңы багытынын өкүлдөрүнүн атасы катары илимдин тарыхына өз ордун ээлеп калды. Ал 1969-ж. Нобель сыйлыгына татыган. 1973-ж. Ослодо дүйнөдөн кайткан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9