Мазмунга өтүү

Фтор каучуктар

Википедия — ачык энциклопедия

Фтор каучуктар - макромолекуласында фтор атомдору бар каучук сымал синтетикалык полимерлер (эластомерлер).

Фтор каучуктар байланышынын өтө бекемдиги жана суутек атомунун бардыгы дээрлик фтор атомуна алмашуусу Фтор каучуктарга жылуулукка чыдамдуулукту, агрессиячыл чөйрөгө туруктуулукту ж. б. касиеттерди берет. Өнөр жайда винилиденфториддин гексафторпропилен же трифторхлорэтилен менен сополимерлери көп кездешет. Буларды вулкандоо үчүн органикалык өтө кычкылдар, полиаминдер ж. б. колдонулат. Алар түрдүү майларга, кычкылданткычтарга, кислоталарга туруктуу. жегич, кетон, фреон ж. б-ларга тупуксуз, суукка чыдамсыз келет. Суукка чыдамдуу резина винилиденфторид менен перфторметилвинил эбирдин сополимдеринен алынат.

Жогорку температурага туруктуу резиналар тетрафторэтилен менен перфторметилвинил эфиолеринин сополимеринен, ошондой эле перфторалкилентриазин каучуктарынан алынат. Фтор каучуктар күйүүчү май сактоочу идиш, тыгыздаткыч, шакек. диафрагма ж. б. жогорку температурада жана агрессиячыл суюктуктарда иштөөчү тетиктерди жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.