Мазмунга өтүү

Фудзиямага чыгуу

Википедия — ачык энциклопедия

Фудзиямага чыгуу — 1973-жылы Чыңгыз Айтматов жана казак жазуучусу калтай Мухамеджанов жазган пьеса . Спектаклдин борборунда унчукпоо, адилетсиздикке каршы үн чыгара албоо менен байланышкан адамдык күнөө маселеси турат. Көп жылдар мурун жасалган жамандык жаңы курмандыктарга алып келет[1].

"Фудзиямага чыгуу" — классикага айланган спектакль эки адамдын: кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жана казак драматургу, жазуучусу, публицисти Калтай Мухамеджановдун ысымдары менен байланыштуу. "Фудзиямага чыгуу" пьесасынын тарыхы өзгөчө. Айтматовдун сюжети мурунтан эле бар болчу, ал эми пьесанын өзүн каармандар Калтай Мухамеджанов жазган жана толуктаган.

70-жылдардын башында Москвадагы "Современник" театрында премьерадан кийин эле спектакль өзүнүн салтанаттуу жүрүшүн баштаган. Ал союздук республикаларда гана эмес, Вашингтондо, Лондондо, Токиодо да коюлган.

1988-жылы белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиев бул китептин негизинде тасма тартып, көп өтпөй анын кино тармагындагы эң чоң чыгармаларынын бири болуп калган[2][3].

  1. https://fantlab.ru/work88463
  2. https://24.kg/archive/ru/kino/169785-u-kazhdogo-svoya-fudziyama.html/
  3. https://www.kp.ru/daily/26919/3965873/