Фуйү гыргыс тили
| | |
| Расмий аталышы: |
Fu-yü Gïrgïs |
|---|---|
| Өлкөлөр: |
Кытай |
| Аймактар: |
Фуйү ооданы |
| Колдонгондордун жалпы саны: |
22 адам (2014)[1] |
| Классификациясы | |
|
түрк тилдери | |
| Жазылышы: |
- |
| Тилдер коду | |
| ГОСТ 7.75–97: |
- |
| ISO 639-1: |
- |
| ISO 639-2: |
- |
| ISO 639-3: |
- |
Фуйү гыргыс тили же Фуйү кыргыз тили (илимий адабиятта: Fu-yü Gïrgïs, Фу-Йү кыргыз тили) — түрк тилдеринин бүлөөсүнө кирген эң чыгыш тил, Фуйү кыргыз же гыргыс элинин улуттук тили[2]. Аталышына карабастан, кыргыз тили менен чаташтырбоо керек.
Азыркы кездеги абал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2005-жылы Юрий Курочканын "Эне-Сайдан Фуйүге чейин" аттуу даректүү тасмасы жарык көргөн. Профессор У Жанжу бир мектепте балдар тилдин негиздерин үйрөнүп жатканын түшүндүрдү.
Профессор М. Ху Чжэнхуа мындай деди:
«Мен Фуйү тилди ушул үйдө жашаган бир чоң энеден жазып алдым».
Ошондой эле, ал бул үйдө музей түзүүнү жана балдар үчүн окуу китебин жазууну кыялданаарын айтты[3].
2014-жылы өз эне тилинде 22 гана адам сүйлөгөн, алардын 10у 70 жаштан ашкан. Бешөө 60 жаштан 69 жашка чейин; алтоо 50 жаштан 59 жашка чейин; ал эми бирөө 40 жаштан 49 жашка чейин болгон.
Тилинин акырындык менен жоголушу тарыхый өнүгүүнүн сөзсүз натыйжасы болушу мүмкүн[4]. Бирок, маалыматтык технологиялар тилди сактап калууга жана жандандырууга жардам берет деген үмүт бар[5][6].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 从黑龙江柯尔克孜语看濒危语言——访黑龙江省柯尔克孜族研究会会长吴占柱 《中国社会科学报》2014年 张春海 曾江 参加讨论
- ↑ ФУ-ЙУ кыргыздарынын түпкү теги (тарых илим. кандидаты, доцент Р. Жолдошов)
- ↑ «День хакасского кино» представит сразу два фильма
- ↑ 从黑龙江柯尔克孜语看濒危语言——访黑龙江省柯尔克孜族研究会会长吴占柱(2)
- ↑ На грани исчезновения: как технологии помогают спасти языки коренных народов. Ирина Филиппова
- ↑ Empowering Indigenous Languages in the Digital Age: A Toolkit for Action

