Фукусима Дайичи, өзөктүк кубат ишканасы

Википедия дан

Фукусима Дайичи, өзөктүк кубат ишканасы.

Фукусима Дайичи (Фукусима-1, жапончо 福島第一原子力発電所) – Жапониядагы ири өзөктүк кубат ишканасы. Ал Жапониянын Фукусима префектурасындагы Окума шаарында жайгашкан. Мындагы “Дайичи” сөзү жапончо “Биринчи” деген маанини берет.

Анын электр кубатын өндүрүүчү алты блогу бар (кубаттуулугу 4,7 ГВт жетет). Дүйнөдөгү ири өзөктүк кубат ишканаларынын бири саналат.

Бул Фукусима-1 атомдук электр ишканасы Токио Кубат Компаниясы (TEPCO) тарабынан курулган алгачкы өзөктүк ишкана болуп саналат.

Анын курулушу 1967-жылы 25-июлда башталган жана 1971-жылы 26-мартта курулуш аяктап, кабыл алынган.

Реактору сууну кайнатуунун негизинде электр кубатын өндүрүү системасына негизделген. Реакторду муздатуу да сууну колдонуу менен жүргүзүлөт. Дал ушул жагынан ал Украинадагы Чернобыл өзөктүк кубат бекетинен айырмаланат.

2011-жылдын 11-мартындагы Тынч океандагы жер титирөө жана андан көп узабай башталган цунами (топон суу) Фукусима Дайичи (Фукусима-1) ишканасына өзгөчө олуттуу зыян келтирди. Ишкананын айрым блокторунда жарылуу болду. Ушул тапта шашылыш оңдоо иштери жүрүүдө.

Фукусима Дайичи (Фукусима-1) ишканасынан 11,5 чакырым түштүгүрөөктө башка бир өзөктүк кубат ишканасы курулган. Анын аталышы - Фукусима Дайни, б.а. "Фукусима Экинчи" (Фукусима-2). Фукусима Дайни өзөктүк ишканасы Фукусима префектурасындагы Нараха шаары менен Томиока шаарчасынын жанында жайгашкан. Бул ишкана Фукусима Дайичи ишканасына баш ийбейт. Фукусима Дайни ишканасын да Токио Кубат Компаниясы тейлейт.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]