Функциялык өзгөрткүч

Википедия дан

Функциялык өзгөрткүч – бир же бир нече аргументтердин сызыктуу эмес функциясын ишке ашыруучу түзүлүш.

Ал математикалык формула жана таблица же график түрүндө берилген өзгөрмө чоңдуктардын функциясынын кеңири классын көрсөтүү (ишке ашыруу) үчүн колдонулат.

Функциялык өзгөрткүчтүн бардык түрү бир маанилүү функцияларды гана көрсөтүүгө жөндөмдүү. Аны үч класска бөлүүгө болот:

  • 1) механикалык,
  • 2) электр-механикалык,
  • 3) электрдик же электрондук.

Механикалык Функциялык өзгөрткүч жалпак же мейкиндик муштумчалуу механизмдерди колдонуп жасалат. Жалпак муштумчалуу механизмдердин жардамы менен бир өзгөрмө чоңдуктун функциясы, ал эми мейкиндик муштумчалуу механизмдерде (коноиддер) эки өзгөрмө чоңдуктун функциясы ишке ашырылат. Электр-механикалык Функциялык өзгөрткүч катары сызыктуу эмес потенциометрлер жана функциялык конденсаторлор кеңири колдонулат. Электрдик Функциялык өзгөрткүчтөр кээ бир вольт-ампер мүнөздөмөлөрү сызыктуу эмес приборлордун (диоддор, тирит каршылыктар) негизинде жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.