Фуран

Википедия дан

Фуран — курамында кычкылтеги бар гетероциклдүү бирикме. Хлороформ жыттанган түссүз суюктук, кайноо t 31,33°С, сууда начар, орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Электрофилдик орун алмашуу жана метил литий менен металлдоо реакциялары Ф.2-абалына багытталат; Дильс-Альдер реакциясына кирет. К-талар жана окистендиргичтер таасир этүүдөн Ф. шакекчеси ачылып, олигомерлер пайда болот. Ф. NН3 жана Н2S менен аралашмасын А12О3 (400-500°С) өткөрүүдөн пиррол жана тиофен, газ фазасында Р2О5 катышуусу менен окистендирүүдөн малеин ангидриди, катализатор катышуусунда суутекти кошуп алуудан тетрагидрофуран (ТГФ) пайда болот. Ф. негизинен фурфуролдон алынат. Ф. химиялык синтезде өтө маанилүү: ТГФ, пиррол, малеин ангидридин, маанилүү чайырлар алууда колдонулат. Ф. — эриткич, экстрагент. Наркоздук касиетке ээ. К. Фуран чайырлары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]