Фуркан сүрөсү

Википедия дан

* 25-сүрө,  “Фуркан[1]”[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Жетимиш жети айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1.      Ааламдарга эскертүү болсун үчүн Өзүнүн пендесине[2] Фурканды[3] жөнөткөн[4] – улук болду.   
  • 2.     Асмандар менен жердин мүлкү Ага гана таандык, Ал өзүнө бала алган жок жана Анын бийлигинде шериктер да болгон эмес. Ал бардык нерселерди жараткан жана белгилеп-өлчөп  койгон.*
  • 3.     Алар эч нерсени жарата албаган, өздөрү жаратылган кудайларды Анын ордуна кудай кылып алышкан. Алар[5] өздөрү үчүн зыйан да, пайда да келтире алышпайт жана алар өлүмгө да, жашоого да жана өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө да эч ээлик кыла алышпайт.
  • 4.     Каапырлар: “Бул өзү ойлоп тапкан гана жалган. Ага башка кишилердин тобу да жардамдашты” - дешет. Албетте, (булар ушинтип) зулум[6] жана жалганга кабылышты.
  • 5.     Алар: “Оболкулардын гана жомогу[7]. Ал аларды өзү үчүн жазууну суранган жана аларды эртең менен жана кечинде окуйт” - дешти.
  • 6.     “Аны асмандардын жана жердин сырларын Билүүчү түшүргөн. Ал чындыгында Кечирүүчү, Мээрбан” - дегин.
  • 7.     Алар: “Бул эмне деген пайгамбар? Ал тамак жейт жана базарда жүрөт. Ага[8] аны менен бирге насаат кыла турган периште жиберилбеди бекен?!.
  • 8.     Же ага бир кенч жөнөтүлсөчү? Же анда (өзү гана) жей турган бак болсочу?”[9] – дешет. Адашкандар: “Силер болгону сыйкырланган кишини гана ээрчийсиңер” – деп айтышат.
  • 9.     Карап көрчү! Алар сен жөнүндө кандай гана мисалдарды келтиришпеди. Алар жолдон адашты. Жолго чамалары да жетпейт.
  • 10.       Ага улуктук болсун! Эгер кааласа сага андан да мыктыны: алдынан өзөн-дарыйалар агып турган бактарды жана сарайларды жасаар эле.
  • 11.       Балким, алар Кыйамат күнүн жалганга чыгарышат. А Биз Кыйаматка ишенбегендерге отту дайардап койдук.
  • 12.       Алар аны[10] алыс жайдан көрүшкөндө албууттанганын жана катуу үндү угушат.
  • 13.      Алар кишенделген абалда андагы тар жайга ташталганда (өздөрүнө) өлүмдү тиленишет.
  • 14.      “Бүгүн силер өзүңөргө кыйроону бир эле эмес, көп ирет чакыргыла” (- делинет).
  • 15.      Силерге ушул жакшыбы же такыбаларга убада кылынган түбөлүк бейиш жакшыбы? (Бейиш) аларга сыйлык жана кайтуучу жай болот.
  • 16.      Алар үчүн анда[11] түбөлүктүүлүк, алар эмнени кааласа баары бар. Бул Эгеңден суралган убада эле.
  • 17.      Ал аларды жана алардын Алланын ордуна табынгандарынын  баарын чогулткан күнү: “Менин бул пенделеримди силер адаштырдыңарбы же алар өздөрү жолдон чыгыштыбы?” – дейт.
  • 18.      Алар: “Сени аруулайбыз! Сенден башканы биз коргоочу кылып албайбыз. Бирок Сен аларга жана аталарына ырахаттана турууга мөөнөт бердиң, ушундан улам алар эскертүүнү унутуп, кыйроого учуроочу коом болду” – дешет.
  • 19.      Алар[12] силер айтып жаткандар жөнүндө силерди жалганга чыгарышты. Силер аны[13] артка кайтара албайсыңар жана тосо да албайсыңар. Силердин араңардагы заалымдарга Биз улуу жазаны беребиз.
  • 20.      Биз сага чейин да пайгамбарларды жөнөткөнбүз, алар тамак жебей жана базарда жүрбөй калган эмес. Биз силердин кээ бириңерди башкалар үчүн сыноо кылдык. Сабыр кыласыңарбы? Эгеңер (баарын) көрүп турат.
  • Он тогузунчу бөлүм
  • 21.      Биз менен кездешүүнү күтпөгөндөр: “Эмнеге бизге периштелер жөнөтүлбөдү же биз Эгебизди көрсөк” – дешет. Алар өздөрүн өтө бийик санашты жана чоң чектерден чыгышты[14].
  • 22.      Алар периштелерди көргөн күнү, күнөөкөрлөр үчүн кубанычтуу күн болбойт. Периштелер аларга: “Чечкиндүү тыюу салынган!” – дешет.
  • 23.      Биз алар кылган иштерине киришип, аларды тозоңдой кылып текке кетиребиз.
  • 24.      Ал күнү Бейиш ээлеринин турар жайлары жакшы, эс алчу жайлары да сонун болот.  
  • 25.      Ал күндө асман, булуттар жарылып, периштелер катарлаша түшөт.
  • 26.      Ал күндө бардык бийлик Мээримдүү үчүн гана болот. Ал күн каапырлар үчүн оор күн.
  • 27.      Ал күндө заалым бармактарын тиштеп минтет: “О аттиң! Мен Пайгамбардын артынан ээрчисемчи?  
  • 28.      О мен куруп калайын! Мен баланчаны дос кылбасамчы...
  • 29.      Ал мага келгенде мени Алланы эскерүүдөн тосту.” Албетте, шайтан инсанды жарамсыз таштап кетет.
  • 30.      Жана пайгамбар айтты: О Эгем! Менин элим Куранды таштап койду”.
  • 31.      Ар бир пайгамбарга Биз күнөөкөрлөрдүн ичинен душманды кылдык. Эгеңдин жетекчилиги жана жардамы сага жетиштүү.
  • 32.      Каапырлар: “Эмне үчүн Куран бир эле жолу (толук) түшүрүлбөдү?” – дешет. Муну ушинтип, сенин жүрөгүңдө бекемдөө үчүн Биз аны[15] бөлүп түшүрдүк.
  • 33.      Алар сага кайсы бир мисалды келтиришсе, Биз сага (ага карата) чындыкты жана эң жакшы чечмелөөнү келтиребиз.
  • 34.      Тозокко жүзү менен ташталгандар – мына ушулар орундары жаман, жолдон адашкандар.
  • 35.      Биз Мусага Китеп бердик, аны менен бирге анын бир тууганы Харунду вазир[16] кылдык.
  • 36.      Биз: “Биздин айаттарыбызды жалганга чыгарган коомго баргыла” – дедик жана аларды Биз жок кылдык.
  • 37.      Нухтун коому пайгамбарларды жалганга чыгарганда, Биз аларды чөктүрдүк жана аларды адамдар үчүн үлгү кылдык. Заалымдар үчүн оорутуучу азапты дайардадык.
  • 38.      Аад, Самуд (коомдору) жана кудук ээлери жана алардын аралыгында өткөн көптөгөн муундар, 
  • 39.      Биз алардын баарына мисалдарды келтирдик жана алардын баарына толук кыргын салдык.
  • 40.      Алар[17] жамандыктын жааны[18] жаадырылган калаанын[19] жанынан өтүштү[20]. Чынында алар аны көрүшпөдүбү? Жок, алар кайра тирилүүнү күтүшпөдү.
  • 41.      “Ушуну Алла пайгамбар кылып жөнөтүптүрбү?” – деп, алар сени көргөндө шылдың гана кылышат.
  • 42.      “Эгерде биз ага чыдап (бекем) туруп койбогонубузда бизди кудайларыбыздан кайтарып сала жаздады.” Алар азапты көргөн кезде, ким жолдон көбүрөөк тайганын билишет. 
  • 43.      Сен өзүнүн кумарданууларын кудай кылып алганды көрдүңбү? Сен аларга көзөмөлчү боло аласыңбы?
  • 44.      Же алардын көбү угушат же ойлонушат деп ойлойсуңбу? Алар айбандар сыйактуу. Балким, алар андан да катуураак жолдон адашкандар.
  • 45.      Эгең көлөкөнү кантип узартканын көрбөдүңбү? Эгер ал кааласа аны өзгөртүүсүз кылып коймок. Андан соң биз Күндү анын көрсөткүчү[21] кылып койдук.
  • 46.      Андан соң Биз аны өзүбүзгө акырындык менен жыйабыз.[22]
  • 47.      Ал силер үчүн түндү - кийим, уйкуну – тынчтык жана күндүздү - жашоого кайтуу кылып койду.
  • 48.      Ал Өз Мээриминин[23] алдынан шамалды кубанычтуу кабар менен жөнөтөт жана асмандан жаан жаадырдык,
  • 49.      өлүк жерди тирилтүүбүз жана аны менен Биз жараткан малдарды жана көптөгөн адамдарды суугаруубуз үчүн.
  • 50.      Биз булардын баарын алар эскерүүлөрү үчүн түшүндүрдүк. Бирок адамдардын көбү каапырлыктан бөлөктөн баш тартышат.
  • 51.      Эгер Биз кааласак, ар бир айылга эскертүүчү (элчи) жөнөтөөр элек.
  • 52.      Капырларга баш ийбе жана анын[24] жардамы менен аларга чоң күрөш жүргүз!
  • 53.      Ал эки деңизди катар койду: бири тузсуз таза суу, экинчиси – туздуу, ачуу; алардын араларына бузулгус парда - тосмо[25] койду.
  • 54.      Ал инсанды суудан[26] жараткан жана ага бир туугандарды жана жек-жааттарды берген. Эгең Кудуреттүү.
  • 55.      Алар Алладан башка аларга жардам да, зыйан да кыла албагандарга табынышат. Каапыр өзүнүн Эгесине каршы (шайтанга) жардамдашат.
  • 56.      Биз сени кабар берүүчү жана эскертүүчү кылып жөнөттүк.
  • 57.      “Каалагандар өз Эгесинин жолунда болуусунан башка,[27] бул үчүн мен эч кандай акы сурабаймын” - дегин.
  • 58.      Эч өлбөй турган, түбөлүк Тирүүгө[28] тобокел кыл жана Аны мактоо менен аруула! Өз пенделеринин күнөөлөрү тууралуу Ал толук кабардар.
  • 59.      Ал асмандар менен жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды алты күндө жараткан. Андан соң Аршка ээлик кылды.[29]  Ал Мээримдүү, ал жөнүндө билүүчүлөрдөн сурагын.
  • 60.      Аларга: “Мээримдүүгө сежде кылгыла[30]” делгенде, алар: “А Мээримдүү деген эмне? Сен буйруган нерсеге биз сежде кылмак белек?” – дешет жана бул алардын баш тартуусун күчөтөт.
  • 61.      Асманда топ жылдыздарды жасап, анда чыракты (күндү) жана жарык берүүчү айды Жараткан улук болду!
  • 62.      Ал түндү жана күндүздү - эскерип, шүгүр кылуучулар үчүн кезектештирип койду.
  • 63.      Мээримдүүнүн пенделери жер үстүндө тынч абалда жүрүшөт жана аларга наадандар тил тийгизсе: “Тынчтык (каалайм)!” – дешет.
  • 64.      Алар Эгесинин алдында сежде кылып жана тике туруп[31] түндү өткөрүшөт.
  • 65.      Алар: “Эгебиз! Бизден тозоктун азабын кайтар! Чындыгында, анын азабы сөзсүз болуучу” – дешет.
  • 66.      Акыйкатта, ал – өтө жаман орун жана жай.
  • 67.      Алар сарп кылганда ысырап кылышпайт жана сараңданышпай, орточо сарпташат.    
  • 68.      Алар – Аллага кошуп, башка кудайларга табынбагандар, Алла өлтүрүүгө тыюу салган тирүү жанды укуксуз[32] өлтүрбөгөндөр жана айагы суйуктук[33] кылбагандар. Кимде-ким муну[34] жасаса, ал жазага тартылат.
  • 69.      Кыйамат күнүндө алардын жазасы эки эсе болот жана ал[35] анда түбөлүккө кор кылынат.
  • 70.      Ал эми, ким өкүнүп тообо кылса жана жакшылык иштерди иштесе, анда Алла алардын жаман иштерин жакшы менен алмаштырып койот[36]. Акыйкатта, Алла – Кечиримдүү, Мээрбан.
  • 71.      А ким тообо кылса жана жакшылык иштерди иштесе, акыйкатта ал Аллага чын ыклас менен тообо кылып кайрылат.
  • 72.      Алар жалганга күбө болушпайт жана пайдасыз сөздөрдү сүйлөп жаткандардын жанынан наркы[37] менен өтүп кетишет.
  • 73.      Аларга Эгесинин айаттары  эскертилип жатканда алар дүлөй жана сокур болуп, ийилишпейт[38].
  • 74.      Алар: “Оо Эгебиз! Бизге жубайларыбыздан жана урпактарыбыздан көзүбүзгө кубаныч тартуула жана бизди такыбалар үчүн үлгү кыл!” – дешет.
  • 75.      Алар сабырдуулуктары үчүн эң жогорку орунга[39] ээ болушат да, анда саламдашуу жана тынчтык менен кезигишет.
  • 76.      Анда түбөлүк болушат; эң сонун орун жана туруучу жай!
  • 77.      “Эгер силер кайрылбасаңар, Эгем силер тууралуу эмнеге кам көрсүн? Силер жалганга чыгардыңар жана силер үчүн жакында жаза бар” – дегин.
  • [1] Фуркан – жамандык менен жакшылыкты ажыратуучу.
  • [2] Мухаммед (а.с.)га.
  • [3] Куран.
  • [4] Аллага.
  • [5] Сөлөкөттөр.
  • [6] Каапырлык.
  • [7] Каапырлар Курандын аяттары тууралуу айтып жатышат.
  • [8] Мухаммедге (а.с.).
  • [9] Башка жактан жебей...
  • [10] Тозокту.
  • [11] Бейиште
  • [12] Жалган кудайлар, сөлөкөттөр.
  • [13] Азапты.
  • [14] Чектен чыга зор күнөөгө батышты.
  • [15] Куранды, Курандын аяттарын.
  • [16] Жардамчы.
  • [17] Меккеден чыккан Курейштер.
  • [18] Кырсык-балеелер жөнөтүлгөн.
  • [19] Ълүк Деңиздин аяк жагындагы Содом жана Гоморра шаарлары жөнүндө сөз болууда.
  • [20] Соода-сатык кылып Сирияга баратышканда.
  • [21] Эгерде Күн болбогондо, ал көлөкөнү билмек да эмес.
  • [22] Күн канчалык жогору көтөрүлгөн сайын, көлөкө ошончолук кыскарат.
  • [23] Жамгырдан мурда.
  • [24] Куран.
  • [25] Дүйнөдөгү деңиздерде айрым жерлеринде суусун кадимкидей ичүүгө жарай турган тузсуз аймактар кездешет. Жер Ортолук Деңизи менен Атлантика океанынын кошулган жеринде да ушундай.
  • [26] Уруктан.
  • [27] Алланын ыраазылыгы үчүн бей-бечараларга кайрымдуулук жасаса, ага да каршы эмесмин... (бирок, өзүм албайм).
  • [28] Аллага.
  • [29] “Истиваа” сөзү өзүнө бир нече маанини камтыйт. Андыктан бул сөздү терең изилдөө шариатта максатсыз. Демек, бул сөздөн Алла эмнени кааласа, ошого ыйман келтирүүгө милдеттүүбүз. Ар кандай чечмелөөлөрдү айтып, талашып-тартышууга тийиш эмеспиз. Ошентсе да, айрым маанилерди айта кетүү максатка ылайык: а) орун алуу; б) жайлануу; в) көтөрүлүү; г) камынуу; д) багыт алуу; ж) максат кылуу. 
  • [30] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
  • [31] Түн ичинде туруп, ыктыярдуу түрдө окула турган намаздарды окушат.
  • [32] Киши өлтүргөнгө соттун (муфтийдин, казынын) өкүмү менен жаза белгиленет. Ал боюнча: 1) же өлтүрүлөт; 2) эгер өлүк ээлери кааласа, жүз төөнүн болжолдуу баасында кун (айып) төлөтүлүп берүүгө милдеттендирилет;  3) же өлүк ээлери кечип жиберүүнү кааласа, өлтүрүлбөй да, кун да төлөнбөй куткарылат.
  • [33] Никесиз жыныстык катнаш; эринин же аялынын көзүнө чөп салуу.
  • [34] Жогоруда айтылган үчөөнүн бирөөн эле жасаса.
  • [35] Аллага шерик кошуп өткөндөр.
  • [36] Алла өтө кечиримдүү жана мээримдүү болгондуктан зор күнөөкөр пендеге да өкүнүп, тообо кылуу эч убакта кеч болбойт.
  • [37] Ъзүн билип, шариятка ылайык маданийат менен.
  • [38] Аллага сежде кылышпайт.
  • [39] Бейишке.