Фурье ыкмасы
Көрүнүш
Фурье ыкмасы — математикалык физиканын маселелерин чыгаруу методдорунун бири.
Фурье методунун негизги - маселенин чыгарылышын өзгөрмө чоңдуктарына карата ажыратып жазылган функциялардын көбөйтүндүсү катарында издөө. Фурье ыкмасы менен 19-кылымдын башында Ж. Фурье жылуулуктун таралуусу жөнүндөгү маселелерди чыгарууда сунуш кылган. Кийинчерээк 1828-ж. бул маселени толугу менен M. В. Остпровградский аныктаган. Бул метод өздүк маанилерди жана өздүк функцияларды табууга байланышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4