Фуссилат сүрөсү

Википедия дан

41-сүрө «Фуссилат[1]»[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Элүү төрт айаттан турат.
  • Ырайымдуу, Мээримдүү Алланын аты менен!
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Ха, мим[2].
  • 2. Түшүүсү[3] – Ырайымдуу, Мээримдүү Алладан.
  • 3. Бул Китеп[4] түшүнгөн[5] эл үчүн айаттары ачык-айкын байандалган арабча Куран.
  • 4. Кубандыруучу, эскертүүчү. Бирок, алардын[6] көбү баш тартты[7]. Ошондуктан алар кулак салышпайт.
  • 5. (Эй, Мухаммед!) алар: «Сен бизди чакырган нерсеге[8] (каршы) жүрөгүбүздө бир парда, кулактарыбызда болсо оордук[9] бар. Биз менен сенин ортобузда тосмо бар. Ошондуктан сен өзүңчө иш кыл, а биз өзүбүзчө иш кылалы»,–дешет.
  • 6. «Мен да силер сыйактуу эле адаммын. Мага: Кудайыңар бир гана Алла экени (Анын жалгыздыгы) тууралуу кабарлар келүүдө. Ошондуктан ошол багытта бекем болгула да, Андан кечирим сурагыла. Аллага шерик кошкондорго азап болсун!»,– дегин[10].
  • 7. Зекеттерин бербегендер – акыретке да каршы (чыгуучу адамдар).
  • 8. Чындыгында, ыйман келтирип, жакшылык жасагандар үчүн түгөнбөс сыйлыктар бар.
  • 9. Аларга: “Силер жерди эки күндө Жаратканга[11] каршы чыгасыңарбы? Ага шерик кошууну каалайсыңарбы? Ал (Алла) – бардык ааламдардын Эгеси!”,–дегин[12].
  • 10. Жер үстүнөн тоолорду жаратып, берекелүү кылып, жер жүзүндөгүлөрдүн ырыскыларын төрт күндө тегиз бөлүштүрдү. Бул суроочулар үчүн (туура жооп).
  • 11. Анан (Алла) асманды жаратууну максат кылды. Ал (асман) – түтүн болчу. Ошондо (Алла) асман менен жерге[13]: “Экөөң тең ыктыйардуу жана ыктыйарсыз абалда (Мага) келгиле!”,–деди. Экөө: “Мойун сунган түрдө (Сага) келдик”,–дешти.
  • 12. (Алла) аларды жети асман кылып эки күндө[14] жаратты. Анан, ар бир асмандын милдетин алардын өзүнө билдирди. (Биз[15] жерге) жакынкы асманды жылдыздар менен кооздоп, коргоого алдык[16]. Ушул – үстөмдүк кылуучу, Билүүчү Алланын өлчөгөнү.
  • 13. Алар жүз үйрүсө: “Силерге Аад, Самуд элдеринин башына келген чагылгандай апааттын келишин эскертемин”, – дегин[17].
  • 14. Ошол мезгилде аларга мурда алдыларынан да, аркаларынан да элчилер келип: “Аллага гана сыйынгыла” –дегенде, алар: “Эгер Эгебиз кааласа (пайгамбар кылып) периштелерди жибермек. Чындыгында биз силер аркылуу жиберилген нерсеге каршыбыз”, – дешкен.
  • 15. Ошондо Аад эли жер жүзүндө укугу жок туруп: “Бизден артык күчтүү ким бар?” – дешкен болчу. Алар өздөрүн жараткан Алланын аларга карганда күчтүүрөөк экендигин билишкен жокпу? Алар айаттарыбызга каршы чыгышты.
  • 16. Аларга бул дүйнөдө кордук азабын таттыруубуз үчүн коогалуу күндөрдө суук бороон жибердик. Албетте, акырет азабы – андан да катуу кордойт. Аларга жардам берилбейт.
  • 17. Ал эми Самуд элин алсак, аларга туура жол көрсөттүк. Бирок алар тууралыктан көрө сокурлукту жакшы көрүштү. Ошондуктан аларды өз кылыктарынан улам кордук азабы менен кошо чагылган алды.
  • 18. Ал эми (Аллага) ыйман келтирип, такыба болгондорду (ал азаптан) куткардык.
  • 19. Ошол күнү Алланын душмандары Тозокко айдалууга жыйналып, ошондо алар айдалышат[18] .
  • 20. Акыры алар ага[19] жеткен кезде[20], аларга өздөрүнүн кулактары, көздөрү жана терилери алардын (бул дүйнөдө) эмне иш кылгандыгына күбөгө өтүшөт.
  • 21. Алар терилерине: “Эмне үчүн бизге күбө болдуңар”, – дешет. (Терилери): “Бизге баарын сүйлөткөн Алла. Силерди алгач ирет жараткан Алла жана Ага кайтарыласыңар”,– деп айтышат.
  • 22. Силердин өзүңөргө (Кыйамат күнү) кулактарыңар, көздөрүңөр жана терилериңер күбө болушунан жашырына албайсыңар. Алла жасаганыңардын көбүн билбейт деп ойлочу элеңер.
  • 23. Мына ошо Эгеңер тууралуу ойлогон ойлоруңар өзүңөрдү кыйратып, зыйанга учуроочулардан болдуңар.
  • 24. Эгер алар, эми чыдашса ордулары – отто. Алар (Алладан) ыраазылык сурашса да, кабыл кылынбайт.
  • 25. Аларга жандоочу[21] дайардап койдук[22]. (Шайтандар) аларга алды-артындагы нерселерди кооз кылып көрсөтүп койду. Ошондуктан алардан мурун өткөн жин жана адамдардан болгон элдерге берилген азап буйругу алардын да башына келди. Анткени алар зыйанга учуроочулардан эле.
  • 26. Каапырлар: “Бул Куранды укпагыла. Окулганда (башкаларга) угузбай алжактагыла. Балким жеңишке ээ болорсуңар”, – (деди).
  • 27. Албетте, каршы чыккандарга катуу азап таттырабыз. Кылган жамандыктарынын эң жаманынын азабын беребиз.
  • 28. Алланын душмандарынын жазасы – От. Алар үчүн ал жерде түбөлүктүү орун бар. Айаттарыбызга каршы чыккандардын жазасы (ушул).
  • 29. Каршы чыккандар[23]: “Эгебиз жиндерден да, адамдардан да бизди адаштырган экөөсүн көрсөтчү. Аларды тамандарыбыздын астында тебелеп салалык. Алар эң төмөндөгүлөрдөн болсун!” – дешет.
  • 30. Чындыгында: “Эгебиз Алла”, – деп, бекем тургандарга[24] периштелер түшүп: “Коркпогула! Кайгырбагыла! Силерге убада кылынган Бейиш аркылуу кубанычка бөлөнгүлө.
  • 31. Биз дүйнө тиричилигинде да, акыретте да досуңарбыз. Силерге Бейиште көңүлүңөр көксөгөн нерселер бар. Эмне талап кылсаңар баары бар”, – дешет.
  • 32. Бул – Кечиримдүү, Боорукер Алла тарабынан (момундарга ыйгарылган) сый орун.
  • 33. “Акыйкатта, мен – мусулмандарданмын” – деп, (адамдарды) Аллага чакырып, өздөрү да жакшы иштерди жасаган адамдан жакшы сөздүү ким бар?
  • 34. Жакшылык менен жамандык тең эмес. Жамандыкты жакшылык аркылуу жойгун. Ошентсең сени менен анын ортосунда душмандык болгон адам да өтө жакын достой болуп кетет.
  • 35. Бул касиет сабыр кылгандарга гана берилет. Мындай сыпатка[25], зор ийгиликке жетүүчүлөр гана ээ.
  • 36. Ал эми сага шайтандан азгырык келсе, Алла менен сактан. Албетте, Ал – Угуучу, Билүүчү!
  • 37. Түн менен күндүз жана Күн менен Ай – Алланын далилдеринен (гана). (Ошондуктан) Күнгө да, Айга да сежде кылбагыла! Аларды жараткан Аллага сежде кылгыла[26], эгер Ага сыйына турган болсоңор.
  • 38. (Эй, Мухаммед!) Эгер алар[27] текеберленишсе... Эгеңдин алдындагылар[28] Аны[29] күнү-түнү аруулаштан тажашпайт.
  • 39. (Эй, Мухаммед!) Чындыгында, жердин кургап калганын көрөсүң. Анан биз ага жамгыр жаадырган мезгилде кулпуруп, көөп чыгышы да – Алланын далилдеринен. Акыйкатта, аны тирилткен – Алла. Ал өлүктөрдү да (ушинтип) тирилтет. Анткени, Ал – баардык нерсеге Кудуреттүү.
  • 40. Чындыгында, айаттарыбызды кимдер бурмалап жатканы Бизге жашыруун эмес. Отко ташталган адам жакшыбы, же Кыйамат күнү аман-эсен калган адам жакшыбы?[30] Каалаганыңарды кыла бергиле[31]. Алла эмне жасап жатканыңарды толук көрүп турат.
  • 41. Чындыгында, аларга Куран келген кезде да, ага каршы чыккандар[32] бар. Акыйкатта, ал ардактуу Китеп.
  • 42. Анын алдынан да, артынан да[33] кур бекер сөз айтылбайт (жана жазылбайт). (Ал) – Мактоо ээси жана Даанышман Алла тарабынан түшүрүлгөн.
  • 43. (Эй, Мухаммед!) Сага, сенден мурунку элчилерге айтылгандар айтылды. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, оорутуучу азап Ээси.
  • 44. Эгер аны башка тилдеги Куран кылып түшүргөн болсок, албетте, алар: “Айаттары эмнеге ачык-айрым байандалбаган? (Куран) башка тилде, а (пайгамбар) араб (болобу)?” – дешмек. (Сен): “Бул Куран ыйман келтиргендер үчүн туура жол жана шыпаа[34]”,– дегин. Ал ыйман келтирбегендердин кулактарында оордук[35] бар. Ошондуктан аларга – Ал[36] бир сокурлук[37]. Аларга узак жерден үн салынгандай (сезилет).
  • 45. Ырасында, Мусага Китеп бергенбиз. Ошондо ал[38] тууралуу да талаш чыккан. Эгеңден бир өкүм болбогондо[39], араларындагы талаш бүтмөк[40]. Чындыгында, алар шек ичинде калышууда[41].
  • 46. Ким жакшы иштерди жасаса, ал – өзү үчүн. Ал эми ким жаман иштерди жасаса (да) өзүнө. Эгең – пенделерине зулумдук кылуучу эмес.
  • Жыйырма бешинчи бөлүм
  • 47. Кыйамат күнүнүн маалыматы – Аллага гана таандык[42]. Анын билиминен тышкары жемиштердин эч бири чанагынан чыкпайт. Эч бир ургаачы жүктүү болбойт, туубайт. “Менин шериктерим кайда?”, – деп аларга үн салынган күнү, алар: “Сага гана сыйынганбыз. Бизден ага[43] күбө болуучу жок экенин сага кабарлаганбыз”,–дешет.
  • 48. Мурунку сыйынгандары (Кыйаматта) көздөн кайым болуп кетет[44]. (Ошондо мушриктер) качаар жайы жок экенин анык билишет.
  • 49. Инсан жакшылык суроодон тажабайт, бирок ал бир жамандыкка дуушар болсо, ошондо (Алладан) үмүтүн үзүп, үмүтсүздүк кылат.
  • 50. Эгер кайгылуу мүшкүлдөн кийин, жаныбыздан жакшылык жиберсек, ал:”Бул менин акым. Кыйамат кайым болот деп да ойлобоймун[45]. Эгер Эгеме кайтарылсам да сөзсүз мен үчүн Анын жанында мындан да жакшыраагы бар”, – дейт. Албетте, ошондо каапыр болгондорго эмне кылгандарынан кабар беребиз. Ошентип, аларга катуу азапты таттырабыз.
  • 51. А эгер инсанга бир жакшылык берсек, (Алладан) жүз үйрүп, (Эгесинен) оолактайт[46]. Аны бир жамандык кармаса, ал көп дуба ээси болуп калат[47].
  • 52. (Эй, Мухаммед!) “Көрдүңбү: Бул Куран Алладан келген, кийин силер ага каршы чыктыңар (ишенбедиңер). Акыйкаттан алыс болуп тескериленгенден катуу адашкан ким бар?” (–дегин).
  • 53. Курандын толук чындык экендиги айкындалганга чейин ааламдагы жана өздөрүндөгү белгилерибизди толук көрсөтөбүз. Чындыгында, Эгеңдин бардык иштерге күбө экендиги сага жетиштүү эмеспи?
  • 54. Акыйкатта, алар Эгелерине жолугуудан шектенүүдө. Көңүл бургула! Албетте, Алла бардык нерсени камтуучу!
  • [1] Фуссилат – ачык байандалды
  • [2] Маанисин бир гана Алла билет
  • [3] Куран тууралуу сөз болууда
  • [4] Куран
  • [5] Арабдар
  • [6] адамдардын
  • [7] Курандагы Алланын буйруктарын аткаруудан
  • [8] Шариат буйруктарына
  • [9] дүлөйлүк
  • [10] Алла Таала пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)га кайрылып жатат
  • [11] Алла Таалага
  • [12] Алла Таала пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)га кайрылып жатат
  • [13] Асман менен жерге
  • [14] Алланын алдындагы эсеп бойунча биздин жердеги элүү миң жыл – ал жактын бир күнүнө тете.
  • [15] «Биз» деп Алла Таала айтууда
  • [16] Шайтандардын периштелерден маалымат убадасы үчүн
  • [17] Алла Таала пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)га кайрылып жатат
  • [18] Периштелердин айдоосунда жөнөшөт
  • [19] Махшар майданына
  • [20] Алланын каардуу сурак-соту башталып
  • [21] шайтандардан
  • [22] Алардын ар бир күнөөсүнүн көбөйүшүнө жардам берүүчү жана арамдан тамак таап берүүчү кылып
  • [23] каапырлар
  • [24] Бул дүйнөдө такыбалыктын чегинен чыкпай бекем жана мыкты тургандарга
  • [25] Сабырдуулукка
  • [26] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
  • [27] каапырлар
  • [28] периштелер
  • [29] Алланы
  • [30] Өзүңөр ой жүгүрткүлө
  • [31] «Жасаган иштериңерге жараша, же жазага, же сыйга ээ болосуңар. Эмне кылсаңар да өзүңөр үчүн. Отто түбөлүккө куйкаланууга чыдай алам десеңер, анда Биз берген өмүрүңөр түгөнгөнгө чейин күнөө кыла бергиле» , – деген мааниде.
  • [32] Аллага каапырдык кылгандар
  • [33] Эч жерин эч ким оңдой албайт. Кара ниет менен оңдогондун колу сынат.
  • [34] Ооруп калган мусулмандарды айыктыруучу касиетке да эгедер
  • [35] дүлөйлүк
  • [36] Куран аларга алыстыктан араң угулган үндөй болуп, жүрөктөрүнө жетпейт. Анткени алардын жүрөктөрүндө кулпу бар..
  • [37] караңгылык
  • [38] Тоорат
  • [39] Каапырларга да өмүр сүрүү үчүн бөлүнгөн мөөнөт тууралуу Лавхул Махфузда жазылуу турган Алланын өкүмү
  • [40] Кыйаматтын келишин тездетип, алар азыр Тозокто болуп калышмак. Бирок Алланын убадасы сөзсүз аткарылат.
  • [41] Кыйаматтын болоруна ишенээр-ишенбесин билишпей, ыргылжың, арсар абалда. Анткени аларда ыйман жок
  • [42] Анын качан болорун Алла гана билет.
  • [43] Сенден башкага сыйынганыбызга
  • [44] Анткени эч качан андай кудайчалар болгон эмес
  • [45] Кыйаматтын сөзсүз болорунан шек санап, динден чыгып кетет
  • [46] Кыргызча айтканда: “Кудайын тааныбай манчыркап калат”
  • [47] Алла Таалага көп жалбарып калат