Футбол боюнча дүйнө чемпиондугу
Футбол боюнча дүйнө чемпиондугу | |
англ. FIFA World Cup | |
![]() | |
Түптөлгөн |
1930 |
---|---|
Аймак |
бүткүл дүйнө |
Командалар саны |
48 (2026-жылдан баштап) |
Квалификациялар | |
Учурдагы чемпион |
|
Көп титулдуу |
|
Сайты | |
![]() |
Футбол боюнча дүйнө чемпиондугу, расмий түрдө ФИФА Дүйнө кубогу деп аталган (англ. FIFA World Cup), көбүнчө Футбол боюнча дүйнөлүк кубогу, ФИФА дүйнөлүк чемпиондугу, мундиаль деп аталган (исп. Copa Mundial de Fútbol) — 1930-жылдан бери өткөрүлүп жаткан негизги эл аралык футбол мелдеши. Чемпиондукту дүйнөлүк футболдун башкаруучу органы — ФИФА уюштурат жана ага бардык континенттерден ФИФАнын мүчөсү болушкан өлкөлөрдүн эркектер курама командалары катыша алат.
Дүйнөлүк чемпиондуктардын финалдык турнирлери Олимпиада оюндары сыяктуу төрт жылда бир өткөрүлөт, бирок аймактык турнирлерди эске алсак, ар бир Дүйнөлүк кубок үч жылдан ашык созулат. Чемпиондуктун тандоо мелдештерине 200дөн ашык команда катышат. Алдын ала тандалган кабыл алуучу өлкөдө (же бир нече кабыл алуучу өлкөлөрдө) төрт жылда бир өтүүчү финалдык турнирге 48 команда (2026-жылдан баштап; 1998—2022-жылдары — 32 команда) катышат: квалификациялык турнирдин жыйынтыгы боюнча 47 командага чейин жана (1938-жылдан бери) кабыл алуучу өлкөнүн командасы же бир нече кабыл алуучу өлкөлөрүнүн командалары катышат. 1938-жылдан 2002-жылга чейин Дүйнөлүк кубогунун мурунку мелдешинин жеңүүчүсү финалдык турнирге квалификациясыз кирчү; 2006-жылдан бери мурунку Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү жалпы негизде квалификациялык турнирде жолдомо алат.
Анын дээрлик бир кылымдык тарыхында Дүйнө чемпиондугу Австралиядан башка бардык континенттерде өткөрүлгөн, бирок Дүйнө чемпиондору Түштүк Америка менен Европанын гана командалары болгон.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү чоң аудиторияга ээ жана дүйнө жүзү боюнча чоң кызыгууну жаратууда. Маселен, 2022-жылкы чемпиондуктун финалын 1,5 миллиарддан ашык көрүүчү көргөн, ал эми турнирдин жалпы аудиториясы дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 4 миллиард күйөрмандан ашкан.
Акыркы жыйынтыкталган футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2022-жылдын 20-ноябрынан 18-декабрына чейин Катарда өткөн. Учурдагы дүйнө чемпиону Аргентина курамасы.
Жалпы маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дүйнө чемпиондугунун бүткүл тарыхында 8 гана өлкө чемпион наамына ээ болгон. Бразилия эң көп титулга ээ – анын командасы Дүйнө чемпиондугун беш жолу жеңип алган. Италия менен Германия Дүйнө чемпиондугун төрт жолу жеңип алышкан; Аргентина үч жолу жеңишке жетишкен; Уругвай менен Франция эки жолу чемпион болушса, Англия менен Испания бирден чемпион болушкан.
Оюнчу катары үч жолу дүйнө чемпиону болгон жалгыз адам — Пеле (1958, 1962 жана 1970-жылдардагы чемпиондуктарында). Дагы 20 оюнчу эки жолку чемпион болгон, негизинен бразилиялыктар (1958 жана 1962-жылкы чемпиондуктарда — 13 оюнчу, 1994 жана 2002-жылкы чемпиондуктарында — экөө), ошондой эле Италия курама командасынын төрт оюнчусу (1934 жана 1938-жылкы чемпиондуктарында) жана бир оюнчу Аргентина курама командасы (1978 жана 1986 чемпиондуктарында). Витторио Поццо — командасын эки жолу (1934 жана 1938-жылдары) Дүйнө чемпиондугунун жеңишине жеткизген жалгыз башкы машыктыруучу. Марио Загалло, Франц Беккенбауэр жана Дидье Дешам оюнчу катары да, башкы машыктыруучу катары да чемпиондукту жеңип алышкан. Загалло - оюнчу катары эки жолу, 1958 жана 1962-жылдары, бир жолу машыктыруучу катары, 1970-ж. Беккенбауэр жана Дешам - ар бири бирден, Беккенбауэр - 1974 жана 1990-жылдары, Дешам - 1998 жана 2018-жылдары. Чемпиондук наамдардын саны боюнча абсолюттук рекорд Марио Загаллого таандык, ал жалпысынан төрт жолу чемпион болгон (1994-жылы башкы машыктыруучунун жардамчысы катары).
Жыйынтыктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Турнирдин расмий сайты (англ.) (исп.) (фр.) (нем.) (ар.) (орусча) (жап.)
- Обзор турнира на сайте RSSSF (англ.)
Эл аралык футбол | |
---|---|
ФИФА · Дүйнө чемпиондугу · Олимпиада оюндары · Конфедерациялар кубогу · Жаштар дүйнө чемпиондугу · Өспүрүмдөр дүйнө чемпиондугу · Универсиада | |
Курамалар рейтинги · Жыл оюнчусу · ФИФА алтын тобу · Курамалар тизмеси · Коддор ![]()
| |
ФИФА эмес: VIVA World Cup · NF-Board |
Футбол боюнча дүйнө чемпиондору | |
---|---|
![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() |