Фёлькеркунде
Көрүнүш
Фёлькеркунде (volkerunde) - немис этнологиясындагы немис эмес элдерди изилдөө багыты.
Өз алдынча илимий багыт катары 1870-ж. калыптанган. Ал кезде бул багыт Европадан сырткары жашаган, негизинен жазуусу жок элдерди изилдеген. Ал немис тилинде сүйлөгөн элдерди изилдөөгө артыкчылык берген фолькс-кунде багытына каршы турат. Бир катар изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, алардын эки ажырымдуулугу изилдөө ыкмаларынын айырмачылыгы менен шартталган.
Ал ыкмалар бирдей эмес, анткени башка элдерди изилдөөдө «этностор аралык тоскоолдукту» жеңүү үчүн атайын ыкмалар зарыл.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.