Фридрих Август фон Хайек

Википедия дан
Ф. Хайек‎»‎ барагынан багытталды)
Фридрих Август фон Хайек

Хайек Фридрих фон Август (1899-1992) - австриялык экономист жана саясат таануучу.

Хайектин кээ бир экономикалык идеялары анын белгилүү китеби «Кулчулдукка жол» негизги болуп калган. Бул эмгегинде Хайек тоталитаризмге экономикалык пландоонун көрө билбеген кесепети катары карайт да, классикалык либерализмдин баалуулугуна көңүл бурат. Ал белгилүү мамлекеттик активдүүлүктү көңүлгө алат, бирок аны мыйзамдын бийлиги жөнүндөгү идеяга ылайык чектөө зарыл деп эсептейт. 1960-ж. Хайектин «Эркиндиктин конституциясы» аттуу негизги эмгеги жарык көргөн. Анда ал жарандардын материалдык пайдасы жана кичине мажбурлоо - классикалык, либералдык, социалдык тартиптин мүнөздүү белгилери деп көрсөткөн. Бул китептен соң «Мыйзам, мыйзам чыгаруу жана эркиндик» (1973—79) аттуу үчилтиги басылып чыккан.

Бул эмгегинде Хайек классикалык либерализмди эволюционизм идеялары менен бириктирип, укуктук позивитизмге чабуул коёт. Ал социалдык акыйкаттуулук идеясын жокко чыгарып, өз көңүлүн акыйкаттуулукту - мыйзамды жана орнотулган укуктарды сыйлоо сыяктуу адаттагыдай түшүнүүгө басым жасаган. Хайек ошондой эле кызыккан топтордун плюралисттик саясатын сынга агтган. Ал рынок тартибинин стабилдүүлүк проблемасын талкуулап, бийликти жаңыча бөлүштүрүүнү кошуп, өнүктүрүлгөн либералдык түзүлүш үчүн радикалдуу чараларды сунуш кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Хайек Ф.А. Жазмыштуу текебердүүлүк: Социализмдин каталары / Англис тилинен кыргызчага которгон Т.К.Чоротегин. - Бишкек: “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1998. –– 268 бет. –– (Hayek F.A. The Fatal Conceit: The Errors of Socialism. The Kyrgyz translation by T.Chorotegin.) –– ISBN 9967-11-025-2.
  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8