Мазмунга өтүү

Хавьер Перес де Куэльяр

Википедия — ачык энциклопедия

Пэрес де Куэльяр, Хавьер (19. 1. 1920-жылы туулган, Перу, Лима) – перулук дипломат, БУУнун Генералдык секретары (1982–91). 1940–44-жылдары Перунун Эл аралык мамилелер министрлигинде иштеп, 1944-жылдан дипломаттык кызматка өтүп, Перунун Франция, Улуу Британия, Боливия жана Бразилиядагы элчиликтеринде иштеген. 1964–69-жылдары Швейцарияда, 1969–71-жылдары СССРде жана Польшада, 1977–79-жылдары Венесуэлада Перунун элчиси. 1971–82-жылдары БУУда Перу делегациясынын башында турган. 1987-жылы Загребдин «Ардактуу жараны» деген наам берилген. 2000–01-жылдары Перунун Министрлер кеңешинин президенти, 2002–04-жылдары Латын союзу Конгрессинин төрагасы.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]