Хадид сүрөсү
Jump to navigation
Jump to search
== 57-сүрө «Хадиид[1]» ==
- Мединада түшүрүлгөн. Жыйырма тогуз айаттан турат.
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Асмандагылар менен жердегилер Алланы аруулашат[2]. Ал – Ызааттуу жана Даанышман.
- 2. Асмандар менен жердин ээлиги Аллага гана таандык. (Ал) тирилтет жана өлтүрөт. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
- 3. Ал – Оболку жана Акыркы. Ал – Сырткы жана Ички. Ал – баардык нерсени Билүүчү.
- 4. Ал – асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Андан кийин Ал Аршка барабарланды[3]. Жерге киргенди, андан чыкканды, асмандан түшкөндү, асманга көтөрүлгөндү (баарын) билет. Ал – кайда болсоңор да силер менен бирге. Алла силердин жасап жаткан ишиңерди[4] Көрүүчү.
- 5. Асмандар менен жердин ээлиги Ага таандык. Аллага иштер кайтат.
- 6. Түндү күндүзгө аламаштырат, күндүздү түнгө айлантат. Ал – көкүрөктөрдө[5] сакталгандарды Билүүчү.
- 7. Алла менен Анын элчисине ишенгиле жана силерди ээ кылган нерселерден сарптагыла[6]. Силерден ишенгендерге жана сарптагандарга чоң сыйлык (бар).
- 8. Силерге эмне болду: Аллага ишенбейсиңер[7]? Элчи[8] болсо силерди Эгеңерге ыйман келтирүүңөргө үгүттөйт. Албетте силердин убадаңарды алып койгон[9].
- 9. Ал силерди караңгылыктан жарыкка чыгаруу үчүн Өз пендесине ачык айаттарды түшүрөт. Чындыгында Алла силерге Мээримдүү жана Боорукер.
- 10. Силерге эмне болду. Алла жолунда сарптабайсыңар[10]? Асмандар менен жердин мураскорулугу Аллага[11]. Силердин араңардан жеңиштен мурда сарптаган, согушкандар улуу даражага ээ жана алар (жеңиштен) кийин сарптагандар жана согушкандар менен барабар эмес. Баарына Алла жакшылыкты убада кылды, Алла – жасаган амалыңардан Кабардар.
- 11. Ким Аллага жакшы[12] карыз берсе, ошого Алла көбөйтөт да, ага улуу сыйлык (берет).
- 12. Ал Күнү ыймандуу эркек менен ыймандуу айалдардын нурлары колдорунун алды жактарынан жана оң тараптарынан чуркаганын көрөсүң. Астынан дарыйалар агып турган Бейиштер – силердин бүгүнкү сүйүнчүңөр. Силер анда түбөлүккө (каласыңар). Бул – чоң ийгилик!
- 13. Ал күнү эки жүздүү эркектер менен эки жүздүү айалдар ыйман келтиргендерге: «Бизге карагыла, нуруңардан пайдаланалы», – дешет. Аларга: «Артыңарга кайткыла, (ошол жактан) нуруңарды издегиле», – деп айтылат. Алардын ортосуна ички тарабы ырайымдуулук, сырткы тарабы азаптан болгон эшиги бар дубал тургузулат.
- 14. Тигилер[13]: «Биз силер менен чогуу болчубуз го?»–дешет. Алар[14]: «Ооба, бирок силер өзүңөрдү азапка салдыңар, кетенчиктедиңер, [15]күмөн санадыңар, кыйалдарыңар – силерди алдап койду, Алланын буйругу келгенге чейин силерди (куру) үмүттөрүңөр алдады, Алла тууралуу[16] азгыруучу[17] алдады.
- 15. Мына бүгүн силерден жана каапырлардан төлөм[18] алынбайт. Силердин ордуңар – Тозок. Ал – силерге гана ылайык. (Бул) кандай жаман кайгылуу орун!
- 16. Ыйман келтиргендердин жүрөктөрү Алланын эскертмеси[19] (үчүн) түшкөн акыйкатына жибий турган учур келбедиби! Силерден мурдагы китеп берилгендерге окшобогула. Убакыттын көп өтүүсү менен алардын жүрөктөрү катып калган жана алардын көбү бузукулар.
- 17. Билип койгула: Алла жерди, ал[20] өлгөндөн кийин[21] (кайра) тирилтет[22]. Силер акылыңарга келүүңөр үчүн Биз силерге айаттарыбызды байандадык[23].
- 18. Кайыр-садака берүүчү эркектер менен айалдарга, ошондой эле Аллага жакшы карыз[24] бергендерге, алардын сыйлыктары[25] көбөйтүлүп берилет жана аларга улуу сыйлык (бар).
- 19. Алла менен Анын элчисине ыйман келтиргендер[26], алар – чынчылдар жана шейиттер Эгесинин алдында, алардын сыйлыктары жана нурлары (бирге болот). Ал эми каапырлар менен Биздин айаттарды жалганга чыгаргандар, алар – Тозок ээлери.
- 20. Билгиле: Чындыгында (бул) дүйнө – ойун, азгырык, кооздук[27] жана өз ара мактануу, ошондой эле мал-мүлктү[28], бала-чаканы көбөйтүү (гана). (Бул дүйнө) өсүмдүктөрү каапырларды таң калтырган жамгыр сыйактуу. Ал[29] кези келгенде кургап, сапсары болгонун көрөсүң, андан кийин кайра топуракка айланат. Акыретте[30] катуу азап (бузукулар үчүн), ал эми Алланын кечирими жана ыраазылыгы – (момундар үчүн). (Бул) дүйнө жашоосу – алдамчы ырахат.
- 21. Эгеңердин кечиримине жана асман менен жер мейкиндигиндей кеңдиктеги Бейиш үчүн атаандашкыла[31]. (Ал) – Алла менен Анын элчисине ыйман келтиргендерге дайардалган. Бул – Алланын каалаганына берүүчү ырайымы. Алла – Улуу Ырайымдын Ээси!
- 22. Китепте[32] алдын ала жазылып койулгандай жерге да, силердин жаныңарга да, кайгы Биз белгилеп койгондон мурда келбейт. Чындыгында бул – Аллага жеңил.
- 23. Өткөндөргө кайгырбагыла жана келгендерге сүйүнбөгүлө![33] Алла – бардык текебер, мактанчаактарды жакшы көрбөйт.
- 24. Өздөрү сараңдык кылышат жана башкаларды да сараңдыкка буйрушат. Ал эми кимде-ким баш тартса[34]… Чындыгында Алла Бай жана Макталуучу.
- 25. Акыйкатта, элчилерибизди ачык айандар менен жибердик. Адамдар адилеттиктен чыгып кетпеши үчүн алар[35] менен кошо Китеп жана мыйзамды[36] түшүрдүк. Ошондой эле Биз темирди түшүрдүк. Анда адамдар үчүн мыкты күч жана пайда бар. Алла ким Ага жана Анын элчисине жардам бергендерди кайыптан билүү үчүн…(ушинтти). Чындыгында Алла – Күчтүү жана Мартабалуу.
- 26. Акыйкатта, Нухту, Ибрахимди жөнөттүк жана анын урпактарына пайгамбарлык, Китеп бердик. Алардын айрымдары түз жолдо (жүрүштү). Ал эми алардын көпчүлүгү бузукулар.
- 27. Кийин алардын артынан элчилерди жибердик: Марийамдын уулу Исаны жиберип, ага Инжилди бердик. Анын (Исанын) артынан ээрчигендердин жүрөктөрүнө жумшактык, мээримдүүлүк салып койдук. Бирок дүйнөдөн безүүнү[37] Биз жазбасак деле, Алланын ыраазылыгына жетүү үчүн алар өздөрү ойлоп табышты. Бирок аны да жакшылап аткарышкан жок. Ошондой эле Биз ыйман келтиргендерине сыйлык бердик. Бирок алардын көбү бузукулар.
- 28. Эй, ыймандуулар! Алладан корккула жана Анын элчисине[38] ишенгиле! Ал[39] мээримин силерге эки эселеп чачат жана жүрүшүңөр үчүн нур берет. Алла – Кечиримдүү, Боорукер.
- 29. Китеп ээлери Алланын ырайымынан эч нерсеге татыктуу эмес экендигин билүүсү үчүн[40]… Албетте, ырайымдуулук Алланын колунда, аны каалаганына[41] берет. Алла – Улуу Мээримдин Ээси!
- [1] Хадиид – Темир
- [2] Тасбих айтышат
- [3] Өзүнө (Алланын) улуктугуна ылайык болгон абалда…(Тафсир Ал-Жалалайн). Ээлик кылды (Тафсир Ал-Насафий). Өзүнө (Алланын) улуктугуна ылайык болгон абалда…(Тайсиир Ал-Карим Ал-Рахман фии тафсиири Калам Ал-Маннаан). Өзүнө (Алланын) улуктугуна ылайык болгон абалда…эч бир окшоштуруусуз Жана салыштыруусуз (Сафват-Тафаасиир)
- [4] амалыңарды
- [5] Дилдеги сырларды
- [6] кайрымдуулук, садака, ж.б.у.с. жумшагыла
- [7] Иман келтирбейсиңер
- [8] Мухаммед (а.с.)
- [9] Алмустакта
- [10] байлыгыңарды сооп үчүн жумшабайсыңар
- [11] таандык
- [12] Алла жолунда мал-мүлкүн айанбастан, шектенбестен, берешендик менен сарптоо.
- [13] мунафыктар
- [14] момундар
- [15] кыйаматтан
- [16] жалган түшүнүктөр менен
- [17] Т.а. Шайтан
- [18] Төлөм – орусчадагы «выкуп» маанисинде.Б.а. азаптан бир нерсе берип куткарып алуу
- [19] Куранда
- [20] жер
- [21] какырап куурап калгандан кийин
- [22] жапжашыл кылат
- [23] … айандардын мааниси тууралуу кеңири түшүнүк бердик
- [24] Алла жолунда мал-мүлкүн айанбастан, шектенбестен, берешендик менен сарптоо.
- [25] Эки эсе кылып
- [26] Ишенгендер
- [27] убактылуу
- [28] Материалдык байлыктын артынан сайа түшүп кубалоо
- [29] Өсүмдүктөр
- [30] каапырларга
- [31] жарышкыла
- [32] Лавхул Махфузда
- [33] муну силерге ачык байан кылып жатабыз
- [34] Алла алардын ыйманына да, кайрымдуулугуна да муктаж эмес!
- [35] пайгамбарлар менен кошо
- [36] Кудайдын мыйзамы, же б.а. ар нерсенин өлчөмү
- [37] кечилдик, кечил болуу
- [38] Мухаммед (а.с.)га
- [39] Алла
- [40] Ушундай байан кылды
- [41] Өзү гана