Хадрамаут
Хадрамаут - Аравия жарым аралынын түштүгүндөгү тарыхый аймак.
Б. з. ч. 2-1-мин жылдыктардын тогошунда мында Хадрамаут мамлекети (борбору Шабва) пайда болгон. 4-кылымда Хадрамаут мамлекетин химьярилер басып алган. 7-кылымдын биринчи жарымында Хадрамаут аймагына арабдар келип, анда араб тили менен ислам тарай баштаган. 11-кылымдын ортосуна чейин Хадрамаут Оман, кийин Йемен мамлекеттеринин составында болгон. 19-кылымдын башында ваххабилер басып кирген. 1888-жылдан Улуу Британия X. аймагына өз протекторатын орноткон. 30-жылдарда Хадрамаут британиялык Чыгыш Аден протекторатынын составына кийрилген. Түштүк Йемен элинин улуттук-боштондук күрөшүнүн натыйжасында Хадрамаут 1967-ж. бошотулуп, көз карандысыз Түштүк Йемен Эл Республикасынын (1970-жылдан Йемен Элдик Демократиялык Республикасы) составына кирген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.