Хакас-Минусин ойдуңу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Хакас-Минусин ойдуңу - кыргыздар байырлаган тарыхый-этнографиялык аймак. Энесай дарыясынын ортоңку агымындагы өрөөндөр, тоолуу өрөөндөрдүн аталышы.

Учурда Хакас Республикасы жана Краснояр (Кызыл жар) крайынын курамына кирген жерлер. Тарыхый маалыматтар боюнча б.з. 5-к. кыргыздар азыркы Түндүк Батыш Монголия, Кытай, Алтай тараптан хуннулар, айрым адабияттарда жуан-жуандар (аварлар) тарабынан кысымга алынып, көчүп келишкен. Болжолу, бул аймак менен кыргыздардын байланышы б.з. 5-к. тартып кыргыздардын этностук-маданий, тилдик өнүгүүсүнүн негизги баскычтары калыптанган кенен аймак. Ландшафт жана рельефи төрт түлүк кармоого, дыйканчылык кылып, жер иштетүүгө өтө ыңгайлуу. Аба ырайы мелүүн континенталдык мүнөзгө ээ. Жайы жылуу, кышы суук.

Иликтөөлөр кыргыздар кыштоо катары негизинен Туванын талааларын, жайлоо катары Хакас-Минусин ойдуңун пайдалангандыктарын тастыктоодо. Жер иштетүүнүн, металл эритүүнүн, суу каналдарын куруу жана аны пайдалануунун эң алдыңкы ыкмалары колдонулган. Таш тегирмендер иштелип, кол өнөрчүлүк өнүккөн. Устаканалардан атактуу кыргыз согуштук куралдары жасалган. Анын даңкы Орто Азия, Кытай, Тибетке чейин белгилүү болгон.

Башка элдер менен соода-сатык карым-катнашы кызуу жүргөндүгүн археологиялык табылгалар ырастайт. Энесай, Абакан ж.б. дарыялар транспорт, соода жолу катары да мааниси зор болгон. Кыргыздар Улуу Жибек жолундагы Карым-катнаштан четте калышкан эмес. Бул маанилүү соода, саясий-дипломатиялык артерия үчүн жигердүү аракеттерди жасашкандыгы маалым. Хакас-Минусин аймагынын чет-жакаларында түрк, кет, самодий тилдүү элдер, уруулар, тагыраак айтканда, кыргыздардын кыштымдары жайгашкан кенен аймактар жайгашкан. Кыргыздарга түбөлүк салык төлөөчү, көз каранды кыштымдар Кыргыз мамлекетинин аң-тери, балык, темир, мал, тери ж.б. керектөөлөрүн канааттандырып турган. Бул жерлерге тоолуу Алтай, Тува, Кызыл-Жер, Иртыш бойлорундагы аймактар кирген.

Кыргыздардын бул аймактагы мамлекети б.з. V к. түптөлгөн. Тан (Кытай), Түрк каганаттары, Түргөштөр, Тибет ж.б. тынымсыз саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык алакалар жүрүп турган. Аймактагы Кыргыз мамлекети 1703-ж. чейин жашаган.

Ошол жылы кыргыздардын басымдуу бөлүгү жана кыштымдары Жунгарияга көчүрүлгөн. Ал эми калган бөлүгү бүгүнкү хакастардын ата-бабалары болуп калышты. Дээрлик ээн калган аймакты орустар басып алышкан.

1727-ж. Кяхта трактаты боюнча Минусин ойдуңу Россия империясынын курамына кирген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.