Хакасия
Хакасия (хак. Хакас Республиказы) ― Орусиянын курамындагы республика. Сибирдин түштүк тарабында орун алган. Борбору - Абакан шаары. Хакас Республикасы ОФтеги субъект. Чыгыш Сибирдин түштүк-батыш бөлүгүндө, Абакан жана Энесай дарыя сынын өрөөнүндө жайгашкан.
Өлкө |
Орусия |
---|---|
Административдик борбор | |
Б.ири шаары | |
Расмий тили | |
Калкы (72) |
▼ 532 036 (72-орунда) |
Жыштыгы |
8,64 киши./км² адам/км² |
Аянты |
61 569 км² км² (46 орун- орунда) |
Коду ISO 3166-2 |
RU-KK |
Телефон коду |
+7 390 |
Негизги маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аянты 61,9 мин км2. Калкы 572,4 миң (2010); негизинен орустар менен хакастар. Ошондой эле украин, немистер ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2ге 9,2 киши. Динге ишенгендери - православныйлар (23 диний уюму бар) менен протестанттар (24) жана бир аз шамандар да бар. Борбору - Абакан ш. Шаар калкы 70,9%. Башка ири шаарлары: Черногорск, Саяногорск. Адм.-айм. жактан 8 районго, 5 шаарга, 12 шаарчага бөлүнөт. Сибирь федерация округуна кирет. Мамлекеттик аткаруу бийлик системасы Хакасиянын 1995-ж. кабыл алынган конституция тарабынан аныкталат.
Табияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Табигый шарты адамдардын жашоосуна жагымдуу. Токойлор деградацияга учурап, жарларды пайда кылууда.
Кен байлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Темир кени (Тейск жана Абакан кендери иштетилүүдө), молибдендин, алтындын, күмүштүн, жездин, химиялык таза акиташтын запастары бар. Ошондой эле барит, отун-энергетика сырьёлору (нефть, көмүр, газ), курулуш материалдары (гранит менен мрамордун ири запасы), жарым баалуу асыл таштар (нефрит, жадеит), минералдуу суулар иштетилет. Хакасиянын аймагынын 48% ин токой ээлейт. РФте X. түстүү металлургия (Россияда өндүрүлгөн алюминийдин 11% и, молибден кондентратынын 70% и, темир кенташынын 3%и, алтындын 1,5% и алынат) жана мрамордон каптоочу, кооздоочу материалдарды даярдоо боюнча алдынкы орунду ээлесе, таш көмүрдү казып алуу боюнча 9-орунда. Региондук дүң продукциясы 19872,1 млн рублди түзөт. Андагы өнөр жайдын үлүшү 43,5%.
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өнөр жайынын башкы тармактары; түстүү металлургия (ири ишканалары - «Саяногорск алюминий заводу»,
«Коммунарлар рудниги» (алтын казылып алынат), «Саянал» ААКтары; «Сорский тоокен байытуу комбинаты», «Абакан кенташ башкармалыгы» ЖЧКлары; «Алтын Жылдыз алтын казуучу компаниясы» ЖАКтары), электрэнергетика («Саян-Шуша ГЭСи П. С. Непорожнего» ААКы, Абакан ЖЭБи), отун («Черногорье көмүр компаниясы» ААКы, «Чыгыш-Беск разрези», «Талаа разрези»), тамак-аш («Аян» Саян-Шуша ГЭСи. ААКы, «Мавр» «Агроөнөр жай компаниясы ЖЧКлары)), айыл чарбасында негизинен тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Эт-сүт багытындагы уй, кой асыралат. Автомобиль жолунун уз. 2,5 миң км (анын 64% и асфальтталган), т. ж-нуку 600 кмрен ашык. Енисей, Абакан д-нда кеме жүрөт. Негизги дарыя порту - Абакан. Абакан менен Саяногорск шаарында аэропорт бар. Жалпы билим берүүчү 285, башталгыч жана атайын 26 орто окуу жайы, 7 ЖОЖ (филиалдары менен) бар. Төрт театр (а. и. куурчак), филармония, 9 музей (а. и. край таануу, улуттук музей-корук), 3 китепкана (а. и. азиздер үчүн) иштейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4